3102
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Month: January 2018

Сот бошоткон кримтөбөлдөр

Акыркы убакта кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө чыккан соттук чечимдер саясий чөйрөдө да, коомчулукта да, кеңири сөз болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. “Азаттык” Кыргызстан эгемендик алгандан бери ИИМдин каттоосунда кылмыш дүйнөсүнүн таанымал өкүлү катары каралып, соттор аркылуу акталган же мөөнөтүнөн мурда бошотулган кишилердин аты-жөнүн окурмандардын эсине салып коюуну туура тапты. Рысбек Акматбаев ИИМге белгилүү кылыш чөйрөсүндөгү…

Жеке ишкер Руслан ЭШИМОВ: «Бизге мекендеш макамы берилсе өлкөгө инвестиция агылат»

Көп жылдардан бери чет өлкөлөрдө иштеп, бизнесин көтөрүп алган кыргыздардын арасында Кыргызстанга инвестиция салууну көздөгөндөрү аз эмес. Реалдуу секторго салым кошуучу капиталы даяр, өзү кесипкөй, чет элдик тажрыйбасы жетиштүүлөрү көп. Бирок, алар кыргыз инвесторлорунун келишине тоскоол болуп жаткан айрым мыйзамдарга Жогорку Кеңеш менен Өкмөт өзгөртүүлөрдү киргизип берүүлөрү керек экенин айтышууда. Россияда отуз жылдан ашык иштеп…

Ош базары көчүрүлсө эч кимге зыян болбойт

Бишек шаарында 3 ири базар бар. Алардын ичинен Ош базары көйгөйлүү экенин акыркы окуялар далилдей алды. 30-январда базарда чыккан өрттөн 108 соода түйүнү жана «Берекет+» соода борборуна 10 соода жайы күйүп кеткен. Мындан улам «Марал» радиосу «Талаш талкуу» программасынын бул жолку чыгарылышында  «Ош базарын шаардын сыртына көчүрүш керекпи?»  деген суроонун алкагында угармандардын пикирин билип көрдү.…

Депутат Момбеков кимдин “дүжүрү”?

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ЖЭБдеги авария боюнча маселе көтөрүлдү. Анда айрым депутаттар өкмөт мүчөлөрүн чакырууну талап кылышты. Мунун артында популизм жатканы жаш балага деле белгилүү эмеспи. Дегеним, айтып келбеген кырсыкты саясатташтырып упай топтоп калууну көздөгөн айкырчаактар, эл көзүнө жакшы көрүнүү үчүн жыйында үндөрүн өктөм чыгарып, өкмөттү “такалап” жатышты. Ошентип жатып, ЖЭБ боюнча толук маалымат…

Кытай компаниясы биздин БЖБны 386 млн. долларга ондоп берсе, Таджикстанга 350 млн. долларга жаны БЖБ салып берген

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялаган кытайлык ТБЕА ишканасы эки жыл мурун Таджикстанга жаны ЖЭБ куруп бергени маалым. Ортодогу айырманы каранызчы. Азыр эксперттер БЖБ курса болмок деген ой-пикирлерин билдирип жатышат. Таджикстан энергия тартыштыган катуу жабыркады, алты айда өлкө калкынын 70%ы эч жылуулугу жок отурган мезгилдер болгон. Ал кезде суткасына 5-6 саат гана электр жарыгы берилчү. Мына…

Мээ сага, кытайлар басып алганы калган го…

Ар бир мамлекет сыяктуу эле Кыргызстан дагы жыл сайын чет элдик жумушчуларга алына жараша квота бөлүп келери маалым. Алсак, өткөн жылы Кыргызстанда бул жаатта 14 миңден ашык квота берген. Алардын 70 пайызын Кытай жарандары түзөт. Бул тууралуу, бүгүн Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл дагы ушунча сандагы квота бөлүнөт. Бирок бул…

Дастан БЕКЕШЕВ: “Кыргызстанда башчылардын саны өсүүдө, бирок адистер жок”

Бүгүн, 31-январда, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги авария тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаковдун маалыматын угушту. Талкуунун жүрүшүндө бул авариялык абал энергетикалык системанын кадрдык саясатынан улам чыгып жатканын КСДП фракциясынын депутаты билдирген Дастан Бекешев: “Өзүңөр көрүп турасыңар бизде башчылар өтө эле көп: бири энергияны өндүрөт, бири бөлүштүрөт. Мисалы, “Электрические станции” ААК ким башкарат? А…

Казакстанда дин министри сакалдын узундугун чектөөнү сунуштоодо

Казакстанда “Диний ишмердүүлүк жана диний уюмдар” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, сакалдын узундугуна жана формасына жараша деструктивдүү идеалогиялык агымдарды жактагандар аныкталат. Дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев деструктивдүү диний агымдардын атрибуттары менен тышкы белгилерин жарыя түрдө көрсөтүүгө тыюу салуу пландалып жатканын айтты. “Деструктивдүү идеалогиялык агым” дегендин так аныктамасы жок, бирок мыйзам…

Тезек терген эле жакшы бекен?

“Тезек тергиле”- “жууркан алгыла”, “палаткадан тамак ичкиле” деген сунуштардын кайсынысы экономикалык көз караш менен караганда ынанымдуураак? Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: “Менимче эки маселе тен биздин элди шылдындагандай көрүнүш” -Менимче эки маселе тен элди шылдындагандай эле көрүнүш. Биз 21-кылымда жашап атабыз. Карапайым калк жылуу жумшак жашоого татыктуу. Ошон үчүн бийликтегилер тезек же төшөк, палатка сунуштабай, мамлекеттеги тамыр…

Калиевде “бет” бар экен…

Төрт-беш күндөн бери көп кабаттуу үйдө жашаган бишкектиктер тозоктун “холодильнигине” түшүп чыгышты. Абалды көрүп бети чыдабай кеткен өңдөнөт, айтор, “Улуттук энерго холдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев креслосун тапшыруу боюнча арыз жазыптыр. Бул тууралуу ЖКнын кезектеги жыйынында маалым болду. Тактап айтканда, ЖЭБдеги авария боюнча кылдан кыйкым издеген баягы эле эл өкүлдөрү бүгүн өкмөт башчыны парламентке чакырып…