3020
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Year: 2018

Түркмөнстанда мамлекеттик курулуштардын чыгымдарын бюджет кызматкерлерине төлөтүшүүдө

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда бюджеттик тармактарда иштеген кызматкерлерден июль айынын маянасын аймакта курулуп жаткан объекттердин эсебине которууну талап кылышууда. Бул маалымат президент Гурбангулы Бердымухамедов коңшулаш Балкан облусунун башчысы Сатлык Сатлыковду кызматтан алган маалга туш келди. Расмий басылмалар билдиргендей, аткаминер аймакта курулуп жаткан объекттердин аздыгынан улам жумуштан бошотулган. “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, кызматкерлер өлкөнүн…

Ибраимовдун иши өкмөттө каралууда

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча шаардык кеңештин токтому өкмөткө түшүп, учурда каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады. Маалыматка ылайык, Ибраимов 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыккан. Ал эми Эмгек кодекси жана “Мамлекеттик кызмат тууралуу” мыйзамга ылайык, борбор шаарынын башчысын ал мыйзамдуу эмгек өргүүсүндө жүргөн учурда кызматтан алууга мыйзам жол бербейт. Ибраимов 8-августта…

Самаков Арабаевдин айтканы менен соттолгонбу?

– Карганбек Самаков жана анын жакын беш адамын сот системасына көө жапкан, ошол кездеги соттордун кудайына айланган, сот тутумунун куратору Манас Арабаевдин түздөн-түз буйругу боюнча соттошту. Өзгөчө элпектик жана одоно мыйзам бузуу менен бул буйрукту Октябрь районунун соту Дамирбек Дүйшеевич Назаров аткарды. Президент С.Ш.Жээнбековдун Сот реформасы боюнча кеңештин кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү алдыдагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жышааны…

Алгачкы миллиондор атайын эсепке түшө баштады. Башталышы жаман эмес!

Өкмөттүн токтому менен ачылган Финансы министрлигине караштуу Бирдиктүү депозиттик эсепке коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардын алды которула баштады. Бүгүнкү күнгө чейин бул эсепке УКМК 95,9 млн.сом, Башкы прокуратура 39 млн.сом которгону белгилүү болду. Ошону менен жалпысы 134,9 млн.сом келип түштү. Мунун өзү Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү жемишин бере баштаганын көрсөтүп турат. Эсепке түшкөн акча элдин…

Туш тарабыбыз коррупция, кайда барабыз?

Негизи кыргыздар пейилибиден табабыз. Мамлекетибиз өнүкпөйт, ичип-жеп жатышат, жоопкерчиликке эч ким тартылбайт деп кыйкырабыз. Анан мамлекеттин казынасына кол салган, элдин ырыскысын жеген делип коррупционер чиновниктерге кылмыш иши козголуп, камакка алынган күндөн тартып тескери сайрай баштайбыз. Түз «Ал биздин өрөөндүн патриот, мыкты инсаны, ал жеп-ичкен эмес» деп адвокатка айланып, жол тосуп, митингге чыгабыз. «Ооруп өлгөнү жатат,…

Көчмөндөр оюндарынына Джоли жана Ди Каприо чакырылды

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдык иштери дээрлик 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктан билдиришти. Иш-чарага конок катары Анджелина Жоли, Жеки Чан жана Леонардо Ди Каприо сыяктуу дүйнөнүн белгилүү жылдыздары дагы чакырылды. Быйыл Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чыдамсыздык менен күтүп, эмитен эле билет сатып алгандар дагы арбын. Жибек Бекбосунова Көчмөндөр…

Премьер-министр Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: “Салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы биз үчүн актуалдуу”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 16-июлда, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында Грузия Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердиги менен таанышты. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн өлкөдө экономиканын бир катар тармактарында, анын ичинде фискалдык органдардын ишмердигинде реформалар жүрүп жатат. «Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы актуалдуу», –…

Тапкан акчасынан тарткан азабы көп мигранттар

Бүткүл дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча кыргыз мигранттарынан Кыргызстанга түшкөн пайда салыштырмалуу бир жылдык ички дүң продукциянын 30 пайызын түзөт. 2017-жылга карата Кыргызстанга мигранттар тарабынан которулган акча каражаты 2 миллиард доллар болсо, бул көрсөткүч азыркы мезгилде 2 миллиард 485 миллионду түзөт. ТИМнин маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп, жашап жаткан мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Алардын ичинен 650 миңден…

Тажикстанда Байланыш кызматынын уруксатысыз телефон сатууга тыюу салынды

Тажикстанда Байланыш кызматынын расмий уруксаты жок мобилдик телефондорду сатууга тыюу салынды. Аларды кызматтан сертификат алган компаниялар гана сата алышат. «Тажикстандарттын» уруксаты менен ар бир телефондун сапатын текшерип, андан кийин гана сатууга уруксат беребиз»,-деди Байланыш кызматынын төрага орун басары Адолат Абдурахмонзода. Адолат Абдурахмонзоданын айтымында, компаниялар сертификат алуу үчүн акы төлөшү керек. Ал мобилдик телефондорду сатууга уруксат…

“Акыйкат сотторду кантип тандаса болот, деги эле акыйкат соттор бизде барбы?”

Акылбек Жамангулов, ЖКнын депутаты: – Чындыгында эл сотторго ишенбей калышты. Баарыбыз билебиз, соттор бирөөлөрдүн заказдарын гана аткарып калышкан. Парламент негизинен бардык талапкерлерди өткөрбөш керек болчу. Акыйкат сотторду алып келиш үчүн бардыгын текшериш керек. Мурунку иштерин, туугандарын жана өзүн көзөмөлгө алыш керек жана айлык маянасын биз көтөрүп беришибиз керек. Анан чоң талап коюшубуз зарыл, алар таза…