3177
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Month: November 2017

Н.Назарбаев С.Жээнбековго жолугуп, аны Казакстанга расмий визит менен келүүгө чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда, Белорусь өлкөсүнө болгон иш сапары учурунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Анда эки тараптуу мамилелердин келечеги, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынталган соң эки өлкө президенттери басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты. Казакстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктап,…

(СҮРӨТТӨР СҮЙЛӨСҮН) Коңшулардын бири-бирине болгон мамилесин чек арадан эле билсе болот

Кээ бир мамлекеттер коңшусунан коргонуп чептерди курушса, кээ коңшу мамлекеттердин чек арасынан белгилерди да көрө албайсың. Ал эми үчүнчүлөрүндө болсо, эки өлкөнүн чектешкен сызыгынан кафелер орун алганын көрөсүз. Мамлекеттик чек арадагы мындай көрүнүштөр коңшулар ортосундагы мамиле кандай экенин саясатчылардын жылмаюусу менен кол алышуусуна караганда ачык көрсөткүчү да. Төмөндө сиздерге дүйнөдөгү 7 мамлекеттин чек араларындагы көрүнүштү…

Назарбаевдин кесирлигинен карапайым казакстандыктарга да күч келүүдө

Дээрлик 30 жылдан бери карай диктаторлук режимин жүргүзүп келаткан казак лидери Н. Назарбаевдин акыркы убактардагы жасаган кадамдары карапайым казакстандыктарды да кыйноого сала баштады. Маселен, Кыргызстандан товар алып кирүү жаатында жаралган көйгөйлөрдөн улам Казакстанда азык-түлүктөрдүн баасы дээрлик 10%га көтөрүлүп кетти. Кымбатчылык күчөп атканы тууралуу маалыматтар буга чейин деле айтылып аткан. Бул ирет Казакстандын президентинин алдындагы «Қоғамдық…

АКШлык генерал: “Ислам Мамлекети” террордук тобу эми Ооганстанда кулачын жаюуда

“Ислам мамлекети” (ИМ) террордук тобунун бөлүктөрү эми Ооганстандын түндүгүндө кулачын жая баштады. Бул тууралуу, The Washington Times басылмасы генерал Жон Николсондун кебине таянып жазып чыкты. Анда айтылгандай, “ИМдин” оогандык майда бөлүкчөлөрү Түркмөнстан менен чектешкен Фарьяб жана Жаузжан түндүк провинцияларында ишмердүүлүгүн улантууда. АКШнын жана алардын союздаштарынын авиачабуулдарынын басымдуу бөлүгү ушул тапта Ооганстандын Пакистан менен чектешкен Нангархар…

2018-жылды Айтматов жана Мамай жылы деп атоого кандай карайсыз?

Мындай сунушун депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында билдирди. Келерки жылы манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленерин эске салган ал: “Буга чейин кесиптештерим манасчынын айкелин Бишкекке орнотуу жана жаңы конуштардын бирине анын ысмын берүү демилгесин көтөрүшкөн. Тапшырма өкмөткө берилген болчу, а өкмөт мэрияга жолдосо, Бишкек мэриясы мораторийге шылтап жер тилкесин бөлүп берүүдөн баш тартыптыр.…

Талаштуу тажик-кыргыз тилкесиндеги исфаралык жашоочунун үйү түрттүрүлдү

Кыргыз-тажик чек арасынын талаштуу тилкесинде жайгашкан Исфара шаарынын жашоочусу Хасан Хасановдун үйү түрттүрүлдү. «Ходжаи Горбобо» аймагында жайгашкан бул турак жайдын айынан өткөн аптада чыр чыгып, аз жерден өөрчүп кете жаздаган. Исфара администрациясындагы булак маалымдагандай, бул талаштуу тилкеде чек ара делимитация боло элек. Буга байланыштуу мындан ары жаңжалдарга жол бербөө максатында үй тажик тараптын аймагына жылдырылды.…

Биз кимге ишенишибиз керек: Куловгобу же Коржаковгобу?

Жакында эле Феликс Кулов Россиянын экс-президенти Борис Ельцин Аскар Акаевге конокко келгенде кашык менен ойлоп жатып анын башына бир чапканын жокко чыгарууга аркет жасады. Акаевдин эркеси Кулов Бишкектин мэри болуп турганда эле Ельциндин күзөт кызматынын начальниги, орус президентинин эң жакын кишиси Александр Коржаковдун сөзүн жалганга чыгарып, өз версиясын айтууга далалат жасаган болчу. Бирок, Коржаковдун сөзүн…

ИИМ: Чубак Жалиловдун айткандары боюнча тергөө башталды

Дин ишмери Чубак Жалиловдун интернет айдыңына тараган видеодо айткандары боюнча ИИМ тапшырманын негизинде тергөөгө ишин баштады. Мекемеден кабарлашкандай, учурда иш жаңы башталганды жана анын жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк кеңири маалымат берилет. Эске салсак, Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов токол алганын жар салып, ага байбичеси капаланып жатканын айтып чыккан. Буга улай, ал экинчи аял алууну “мен баштабасам,…

Кыргыз жаштары К.Бакиевге өзү армандап айткан турсий, майкесин жөнөтүшөт. Эми А.Акаев жүн байпак же тебетей сурабас бекен?

Казакстандын бийлигине караштуу “Хабар” телекалы даярдаган документалдуу тасмада маек берген Курманбек Бакиев 2010-жылы Кыргызстандан бир эле турсий менен чыгып кеткенин айтып армандады. Байкуш коңшу өлкөнүн бакыйган телеканалы аркылуу армандаганына караганда жети жылдан бери жалгыз турсийин көчүгүнөн түшүрбөй жыртылып бүткөн окшойт. Тасмадан анын шөлбүрөгөн кейпин көрүп, боору ачыган кыргыз жаштары бүгүн 30-ноябрда атайын акциядан чогулган үч…

Айнуру АЛТЫБАЕВА: “Укук коргоо органдарындагы реформаны соңуна чыгаруу керек”

Укук коргоо органдарындагы реформаны соңуна чыгаруу керек. Бул тууралуу депутаттар парламент жыйынында айтып чыгышты. Депутат Айнуру Алтыбаеванын белгилөөсүндө, укук коргоо органдарынын учурдагы акыбалы улуттук коопсуздукту камсыздоого жана коомдун талабына жооп бербейт. Бул экономиканын өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизүүдө. Маалыматтар боюнча, 2016-жылы 18-июлда укук коргоо тармагын реформалоо боюнча президенттин буйругу чыгып, аны депутаттар колдогон, жумушчу топ…