3178
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Month: October 2017

Өмүрбек Бабановдун креслосу «кыйчылдай» баштадыбы? «РАЖ» фракциясында жаңжал кызып барат

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын ичиндеги толкундоолордун артынан эле саны боюнча КСДПдан кийинки эле фракция болуп саналган «Республика-Ата Журттун» лидерин алмаштыруу жаңжалы кызый баштады. Бул маалыматты «24.kg» маалымат агенттигине аталган фракциянын мүчөлөрүнүн бири Зарылбек Рысалиев тастыктады. Ал – бул бунт анын колу менен жасалып атат деген маалыматты төгүнгө чыгарды. «Мындай маанай фракцияда күчөп баратканын билем. Бирок, Өмүрбек…

Таласка губернатор болом дегендер уйкудан калып чуркап жүрөт

Преизденттик жарышта облустагы добуштун 87%ын Өмүрбек Бабановго жулдуруп, бийлик сүрөгөн талапкерге жетиштүү добуш алып бере албай уят болгон Даир Кенекеев кызматтан алынаары айтылып жаткан эле. бирок, “капилеттен сөз, караңгыда көз тапкан” артыкчылыгы менен шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп таластыктар уюштурган митингден аброй топтоп, жогорку кызматка секирик жазап кетти. Эгер Манас атабыздын баянын көтөрүп барып, чечкиндүүлүгүн көрсөтпөгөндө…

Канатбек Исаевдин иши 2-ноябрга жылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кецештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевдин ишин кароону 2-ноябрга жылдырды. Соттук жараяндын жылышына депутатты коргоого жаңы жактоочу кошулуп, иш менен таанышып чыгууга убакыт сураганы себеп болду. Эеке салса кетсек, УКМКнын тергөө башкармалыгы быйыл май айында Исаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш ишин козгогон. Исаев Токмок шаарынын мэри…

Казак бийлиги неге акты кордоп атат, же бирди көрөөрдүн белгисиби?

Казакстандын Алматы шаарында Кыргызстандан барган сүт азыктарынын үч түрүн чогултуп туруп, таштандыга таштап жок кылышканы маалым болду. Жалпысынан 127,8 килограмм сүт азыктары жок кылынган экен. Бул кадамды кандай бааларыбызды да билбей калдык. Себеби, кыргыз эли эзелтеден акты сыйлап келген калк болгон. Эзелтеден ошол сүт азыктары менен оокат кылып, улуттук тамак-аштарыбыз да негизинен сүт азыктарынан жасалган.…

Текебаевди жандап, Атамбаевди болушунча шыбаган “верстальщик” эми бийликтин арыгын чабууга киришти

“Сары” гезиттердин бири катары таанымал “Супер-Инфонун” ээси, дизайнер-верстальщик Кылыч Султанов деген неме өгүнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалды. Кызыгы, аталган кызматка аны буга чейин 2016-жылы эле “Малайзияда элчи болуп турганда ишти кыйрата албайт” деп сындаган Тышкы Иштер министрлиги (ТИМ) сунуштап отурат. Дегеним, өткөн жылы Баш мыйзамды алмаштыруу демилгеленгенде шефи Текебаевдин сөзүнөн чыга албаган неме…

Адегенде Кыргызстандын айыл-чарбасын талкалап, андан соң мамлекеттин өзүн талкалагысы келген Б. Талгарбеков кантип актанууда?

Тээ А. Акаевдин доорунда анын ишенимдүү адамдарынын бири болгон Б. Талгарбеков аттуу эрендин учурда абакта жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Ал Акаев «куйругун түйө» качкандан кийин дээрлик 15 жылдан ашуун убакыт «чээнден» чыкпай жүрүп, анан эле «Элдик парламент» аттуу коомдук кыймыл түзө калып, «Биз оппозиция да эмеспиз, бийлик да эмеспиз, биз баардыгын болгонун болгондой гана айтып…

«БАКЫТ КАТЫН» шайлоочуларга жөнөткөн талапкерге чара көрүлөбү?

Президенттик шайлоонун алдында бул кызмат ордуна ат салышкан талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун атынан көптөгөн шайлоочуларга жашаган дареги боюнча «Бакыт каты» барганын жакшы билебиз. Ал катта тоодой убадалар берилип, анан дагы дал ошол катты жөнөткөн талапкерге добуш берүү чакырыгы жасалган. Баарынан кызыгы бул талапкер кантип бардык шайлоочулардын жашаган даректерин, аты-жөндөрүн толугу менен билип алган деген суроодо…

Ыйлактаган депутат, жооткоткон министр

Агрардык саясат суу ресурстары жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 30-октябрдагы жыйынында депутат Алмасбек Акматов бир жумадан бери каржы министринин орун басарын таба албай жүргөндөрүнө нааразы болуп, министр Адылбек Касымалиевге даттанып: “Эгерде комитеттин төрагасынын орун басары министрдин орун басарын таба албаса, калгандар кантип табат?”, – деп ыйлактады. Өз кезегинде каржы министри Касымалиев бул маселе боюнча өкмөт…

“Пенза” цемент заводунун жетекчиси кимдерди тосту?

Өмүрбек Бабанов асман айдай түйүлүп, “менин заводум” эмес деп секирип жаткан Пенза заводунун чыныгы ээси ким экени аныкталганы калды окшойт. Дегеним, интернетке тараган маалыматка ишенсек, Өмүке шайлоодон кийин Москванын “Шереметьево” аба майданына учуп барган. Бараары менен аны Пенза заводунун жетекчиси тосуп алган. Эртеси күнү “Бабановдун аялы” деген коомчулуктагы Аминат аттуу сулууну дагы заводдун директору өзү…

“Ак каргалардын” орду абакта

Коррупция боюнча кылмыш иши козголгон “Бир бол” фракциясынын депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаров эмнеге камалбай жүрүшөт деген жообу жок суроолор коомчулукта дагы да болсо арбын. Булар эмне ичсе-жешсе деле сүттөн таза, кардан ак болуп, эркиндикте элге акыл айта беришеби? “Ак карга болушса да абакка отургузуш керек эле деп ызырынгандар көп. Бийлик коррупция боюнча кылмыш…