22024
күнүнө
за день
209435
айына
за месяц
баннер С

Жээнбеков: “Кыргызстанда кант кызылчасын сатуу көйгөйүн толук чечет”

Жээнбеков: “Кыргызстанда кант кызылчасын сатуу көйгөйүн толук чечет”

“Кошой” жана “Кайынды-Кант” заводдорун модернизациялоо 2017-жылдын 1-октябрында бүткөрүлүшү керек жана андан кийин Кыргызстанда кант кызылчасын сатуу көйгөйү чечилет. Мындан тышкары өлкө өзүн кант менен толук камсыздайт. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта, Чүй облуснун Ысык-Ата районундагы дыйкан чарбаларынын жетекчилери менен жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.

“Тулпар” чарбасынын жетекчиси Эркин Сманалиев Өкмөт башчыга өстүргөн түшүмдү  сатууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Сооронбай Жээнбеков аталган көйгөй чечилерин  баса белгилегендей, план боюнча “Кошой” жана “Кайынды-Кант” заводдорун модернизациялоо жүрүүдө. “Мындан кийин кызылчаны сатуу көйгөйү алынат. Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо-5″ долбоорун ишке ашырууну улантат. Анын алкагында фермерлер өз иштерин өнүктүрүү, жабдууларды жана атайын техникаларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыяларды ала алышат. Ошондуктан бардык фермерлерди,  сиздер үчүн иштелип чыккан  аталган программага активдүү катышууга чакырам”, – деди Өкмөт башчы.

Андан ары  Сооронбай Жээнбеков “Томат.kg” үрөнчүлүк ишканасына барды. Быйылкы жылы украина технологиясы боюнча Франциядан алынып келинген помидордун уругунан бир нече сорттору өндүрүлгөн. Анын аянты 419 гектарды түзөт.

“Томат.kg” ишканасынын жетекчиси Жапаркул Саккараев билдиргендей, өткөн жылы бул жайда 550 гектар аянтка помидор өстүрүлгөн. Түшүмдүүлүк орточо 1гектарынан 30 тоннаны түзгөн. Быйылкы жылы түшүмдүүлүктү 1 гектарынан 80-100 тоннага чейин көтөрүү  пландалууда. Келерки жылы айдоо аянты  1500 гектарга чейин көбөйтүлөт.

Мындан тышкары үрөнчүлүк ишкана тамак-аш коопсуздугу боюнча тийиштүү сертификатты алган. Бул продукцияларды Европага, Евразиялык экономикалык  биримдиктеги өлкөлөргө жана Персид булуңуна экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков андан соң Кен-Булун айылындагы “Азамат” дыйкан чарбасынын абалы менен таанышты.

Чарба башчысы Юнус Идиров маалымдагандай, мында пияздын бир нече сорту өстүрүлөт. Орточо түшүмдүүлүк 1 гектарынан 80-90 тоннага чейин жетет. Өндүрүлгөн продукциялардын көп бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот, андан ары айрым бөлүгү алыскы чет өлкөлөргө чыгарылат.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда бир нече логистикалык борборлордун курулушу бүткөрүлүп калганын билдирди.

“Ошол эле кезде дагы башка логистикалык борборлор курулууда. Анын негизинде дыйкандар өздөрүнүн продукцияларын ортомчуларсыз  ички рынокко, Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнө жана Евробиримдикке түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аны менен бирге фермерлер өндүргөн продукцияларды туруктуу жана жогорку баада сатууга жол ачып,  атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу зарыл. Дыйкандын оор эмгеги толук акталышы керек”, – деп билдирди Жээнбеков.

Баннер B
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий