22022
күнүнө
за день
209435
айына
за месяц
баннер B

Ушак тараткан “Ата Мекен” партиясынын юристтери боюнча сот чечими күчүндө калды

Ушак тараткан “Ата Мекен” партиясынын юристтери боюнча сот чечими күчүндө калды

Бишкек шаардык соту бүгүн “Ата Мекен” партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын даттануу арызын арызын карады. Анын жыйынтыгында, Октябрь райондук сотунун юристтерден өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин пайдасына 10 миллион сом өндүрүү тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Аталган чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирди Бирок ушак атарткандыгы үчүн айыпталгандар Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.

Эске салсак, Башкы прокуратура Токтакунова жана Азиздин быйыл 1-мартта Бишкекте маалымат жыйында Дача-СУ айылында кулаган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге таандык деп ушак таратышкан. Мындан улам, президенттин кадыр-баркына доо кетиргендиги үчүн мыйзамда каралгандай, Башкы прокуратура “атамекенчи” юристтердин үстүнөн  соткокайрылууга мажбур болгон жана моралдык зыян үчүн 10 миллион сом талап кылган. Июль айынын башында ишти караган Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы көзөмөл органынын эки юристке карата доо арызын канааттандырып, 10 миллион сомдук айыпка жыккан. Алар буга макул болбой шаардык сотко кайрылышкан.

Баннер B

Поделиться

Написать комментарий