22007
күнүнө
за день
209435
айына
за месяц
баннер С

Маевский “аферист” болсо, анда Текебаев аны менен “Супарада” неге жүздөшүп, ага жолугуу үчүн Маскөөгө неге барат?

Маевский “аферист” болсо, анда Текебаев аны менен “Супарада” неге жүздөшүп, ага жолугуу үчүн Маскөөгө неге барат?

Акыркы жылдары “Мегаком” улуттук компаниясынын көшөгө артында далай былыктар жатканы ачыкталып, ал иштерге аралашкандардын алды соттолду. Дегеним, кечээ 16-августта, өлкө башчыбыздын коррупцияга каршы баштаган чабуулдун алкагында депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотонов “алдамчылык” беренеси боюнча тийиштүү жазасын алып, темир тор артына жөнөтүлдү. Бул эки эрен 2010-жылдагы Элдик революциянын шааниси менен канкор Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн мамлекеттин карамагына өткөн аталган компанияны орусиялык миллионер, экс-депутатка сатууга көмөктөшүүнү убадалап, андан 1 миллион доллар алгандыгы үчүн айыпталышкан. Үч айга созулган соттук териштирүү иштеринде булар сотту колдорунан келишинче созууга жандалбасташты. Башында иш менен таанышып бүтө элекпиз дешсе, кийин адвокаттары баш болуп “оорукчан” болушуп, соттук отурумдарды кийинкиге калтыруунун түркүн амалын кылышты. Бирок, ар нерсенин чеги бар дегендей, акыры шылтоолору түгөнүп, акыры сот өкүмү да чыкты.

Ал ортодо Текебаевдин тарапташтары митингдерди өткөрүшүп, аягы келип ачкачылык да жарыялашты. Бирок, калдайган эл баарын көрүп-билип тургандыктан, чуу көтөрүүнү самагандардын тилеги ишке ашкан жок. Текебаевди колдоо митингине адеп 200гө чукул адам тартылса, кийинкилеринде алардын саны 30дан ашпай калды. Парламенттин фракция жетекчилери, катардагы депутаттары да үн каткан жок. Ал гана эмес “Ата Мекендин” көпчүлүк мүчөлөрү да кол шилтеп баса беришти. Анткени кашкайган чындыктын маңдайында бети чыдап ким тура алсын. Ачкачылык жарыялаган “баатырлар” да араңдан зорго суу ичип 4-5 күн чыдашып, капкайдагы бирөө үчүн ачкадан өлмөк белек деп тамакты ашатып киришти. Мына ушунун өзү эле Текебаевдин канчалык “таза” экенин таразалап, салмагын чыгарып койду.

Башкы “атамекенчи” канчалык кооз сүйлөсө да, калың элге катары менен кайрылуу жасаса да минтип колдоо таппай калышынын башкы себеби – өлкөбүздө мыйзамдар иштей баштады. Айрыкча, Кылмыш кодексинин буга чейинки эки бийлик тушунда ордунан былк этпеген 303-беренеси (коррупция) жанданып, алкымы бузуктар торго чалынууда. Аталган беренени “тирилтүүнү” кезинде Өмүрбек Чиркешович демилгелеген болчу. Ал киши ууру кылган адам кылмыш мөөнөтү өтүп кетсе да жооп бериш керек деп парламентте катуу сүйлөгөнү көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Канкор Бакиевдин режими кулангандан кийин элибиз бийликтен ушундай кадамдарды күткөн. Натыйжада, мамлекеттин казынасына кол салган алкымы бузуктардын далайына иш козголуп, Нарымбаев, Келдибеков, Коркмазов өңдүү киттер жазасын темир тор артында өтөп чыгышты. Мурда тоок уурдагандар кишенделип, миллиондорду сугунуп алгандар чартаңбай тээп жүрүшсө, Кылмыш кодексиндеги “жан кирген” берене киттер менен акулаларды коколоп, жазага тартылышууда. Алсак, акыркы 5 жылда экономикалык кылмыштарга байланышкан 7 миңдей иш козголсо, алардын арасында жогорку кызматтарда иштегендердин саны 500гө чамалады.

Тилекке каршы, мамлекеттин эсебинен байлык топтоону көздөгөндөрдүн арасында минтип башкы “атамекенчинин” да кулагы көрүнүп калганы өкүнүчтүү. Кезинде Текебаев спикер болуп турган Келдибековду, Бабанов баштаган бир катар өкмөт башыларды коррупцияга айыптап кызматтан алып түшүп, соттотту эле. Анын бул эрдигин эч ким тана албайт. Бирок мыйзам баарына бирдей эмеспи. Эми алардын артынан өзү да кылтакка илинип, уул-кызынан сый-урматына бөлүнүп төрдө отура турган мезгилде минтип түрмөгө түшүп калды.

Эми өкүндүргөн дагы бир жагдай, Текебаевдин былыктары чыгып камакка алынгандан баштап анча-мынча партиялаштары капкайдагы бир чет элдик жарандын арызы менен биздин саясый ишмерди соттоду деп бийликке сын тагышууда. Алар Маевскийди митингдерде, маалымат каражаттарына берген маектеринде жеткен аферист катары сыпатташты. Бирок, ошол эле учурда өзүлөрүнө “биз муну жеткен шылуун деп жатабыз, бирок башчыбыз аны менен эмнеге “Супарада” неге чайлашып жүрдү, неге аны менен жолугуу үчүн Маскөөгө барып келди” деген суроолорду беришти бекен? Кун Фу-цзы айтат эмеспи, “сен мага досторуңду көрсөт мен сенин ким экениңди айтып берем” деп. Анын сыңары, ызылдаган “атамекенчилдер” башчысынын Маевский менен табакташ болуп жүргөнүн өз оозунан угушту го. Кичине болсо да бет деген болуш керек да. Кылмыш кылган адам кайсыл жерде, кайсыл күнү болсун айыбы ачылса жазасын алууга тийиш. Тууганым эле, досум эле деп коргобой, кылмышкер мыйзам алдында жооп бериши керек дегенге үйрөнсөк жакшы болоор эле.

Тууган-урук, дос-тааныш жагынан алганда алкымы бузуктарга ачылган ачык күрөштө өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев темирдей бекем эркин көрсөтө алды. Мамлекеттин, карапайым элдин эсебинен байыгысы келгендердин бет кабы сыйрылса, алардын ким экенине карабай жазасын алуусу керек деп баса белгилеп көзөмөл органдарына шыкак берип келетат. Буга далил катары өлкө башчыбызды айланчыктап жүргөн жогорудагы аты аталган киттерди жана кечээки эле санаалашы Өмүрбек Текебаевди мисал келтирсек болот. Эгер башка бирөө болгондо туугандарын, санаалаштарын, досторун мыйзам бузгандыгы үчүн соттотпой, коргоп калууга жан үрөмөк. Андыктан туугансыз калсам да, туура бийлик жүргүзөйүн деген өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевге мактоо гана жарашат.

Баннер B

Поделиться

Написать комментарий