22003
күнүнө
за день
209435
айына
за месяц
баннер B

«Ата мекенчилердин» агониясы

«Ата мекенчилердин» агониясы

Кечээ «Ата мекен» партиясынын лидерлери – Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот өз өкүмүн чыгарып, эки саясатчыны 8 жылга эркинен ажыратты. Аты аталган эки эргул «кирейин дейм жер катуу, өлөйүн дейм жан таттуу» дегендей эле болду окшойт, акыр аягына чейин «далилиӊ жок» деп көшөрүп, өкүмгө моюн сунбай турушту.

Анткен менен актанаар аргумент таппай 3 күн бою эски ырды ырдап отурду. Жарыш сөзгө чыкканда, андан кийинки акыркы сөзүндө Ө.Текебаев орун басары Д.Чотоновду мактап, «22 жыл бою оппозиция болуп келген эр жүрөк баатыр, пара албай турган периште» деп мактады.

Бирок так ошол оппозицияда жүргөн үчүн пара алууга мүмкүнчүлүгү да жок болгондуктан албай келгендигин, анан 2010-жылы бир аз бийликке ээ болоору менен «ат көрбөгөн минип өлтүрөт» болуп, миллион доллар пара талап кылгандыгынын өзү алардын кылмышына кошумча кыйыр далил болуп жаткандыгын ойлогон эмес окшойт.

«Мегакомго» болуп жетекчи болуп дайындалган А.Базаркуловду «тааныбайм, очный ставкада гана көрдүм» деп кутулууга жакшы эле жандалбас кылып атты ды эле, айтылуу Азике Бекназаров абийирдин баарын ачып салды го чиркин! К.Ташиев менен бирге отуруп сырдашканын, ал жерде айтылган сөздүн баарын жокко чыгарып танып башташкан. А бирок эртеси эле «Comment.kg» басылмасына барып ымандай сырдын баарын биротоло чачып салды.

Азикенин тилине тиши күбө – өз сөзүндө Ө.Текебаев «тааныбайм» деп танып аткан А.Базаркуловду так ошол «Ата мекенчилер» дайындап, ал гана эмес Баш прокурор болуп турган К.Байболов менен биргеликте кылгылыктын баарын кылгандарын кенен айтып берди.

Жарыш сөзгө чыккан Ө.Текебаев «А.Модин 21 декабрда Бишкекте болгон эмес. Ал акыркы жолу Кыргызстанга ноябрда келиптир» деп энеси эркек төрөгөндөй кубаныч менен айтып чыкты. А бирок А.Модин акыркы бир нече жылдан бери Бишкекте туруктуу жашап келатканын, демек, «акыркы ирээт ноябрда келген» деген сөзү суу кечпей калганын эсепке албай калганы кызык.

Айтор, «ата мекенчилер» агонияга кабылып, бир сөзү экинчи сөзүнө каршы келип жандалбастап жатышат.

баннер C
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий