22023
күнүнө
за день
209435
айына
за месяц
баннер B

(ВИДЕО) А.Бекназаров сотто калп айтканы үчүн Кудайдан кечирим сураганын видеодо тастыктады

(ВИДЕО) А.Бекназаров сотто калп айтканы үчүн Кудайдан кечирим сураганын видеодо тастыктады

Өгүнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин Текебаевдин соту боюнча шашпай отуруп маектешкени тууралуу аудио тараган эле. Эртеси алар андай сүйлөшүү болбогонун айтып чыгышкан. Айрыкча Бекназаров таптакыр мен эмесмин деген болчу. Ал эми Ташиев Текебаевдин аудио жазуу боюнча комментарийинен кийин Бекназаров экөө көп ирет жолугуп, көп сөздөрдү сүйлөшөрүн моюндап, аудио жазуудагы сөздөр качан, кайсыл жерде жазылганын билбесин айткан.

Ал эми төмөнкү видео тасмада балпайып, чайдан уурттап отурган Бекназаров, буга чейин сотто калпты ышкыртып коюп, кайра Кудайдан кечирим сураганын өз оозу менен дагы бир ирет тастыктап жатканын көрүүгө болот. Өгүнү техника өнүккөн заманда үндү туурап жаздырып койсо болот деген кайран Азике муну да мен эмесмин танып, тасмадагы адамды мага окшогон бирөө же менин келбетимде жасалган манекен деп чыкпайбы?..

Баннер B
баннер C

Поделиться

Написать комментарий