22017
күнүнө
за день
209435
айына
за месяц
баннер B

Текебаевдин адвокаты Маевскийдин счетунан 500 миң евро алынганын мойнуна алды

Текебаевдин адвокаты Маевскийдин счетунан 500 миң евро алынганын мойнуна алды

«Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» демекчи, 15-августтагы Ѳмүрбек Текебаев менен Дүйшѳн Чотоновдун иши боюнча сот отурумунда адвокат Искен Афиджанов 2010-жылдын сентябрында Леонид Маевскийдин банктагы счетунан 500 миң евро алынганын айтып алды.

Буга чейин «Мегаком» чырына байланыштуу бул кылмыш ишинде башкы күбө катары көрсөтмө берген россиялык ишкер Леонид Маевский Текебаевге 1 миллион долларды эки транш менен бергенин, биринчиси 300 миң доллар суммасында болуп, аны А. Модин аркылуу берсе, экинчи траншын 500 миң евро түрүндө Текебаевдин адамдарына өз колу менен бергенин айткан.

Демек, Л. Маевский 2010-жылдын сентябрь айында өзүнүн банктагы счетунан 500 миң евро алганы аныкталып атабы? Ал счеттон алынгандан кийин Текебаевдин адамдарынын колуна тапшырылып атат. Анан алар ал акчаны чек арадан кандай жол менен алып өтүшкөнүн ким билет? Ошол убакта Текебаев бийликтеги таасирдүү адамдардын бири болгон. Андыктан 500 миң евро чек арадан «бармак басты, көз кысты» жолу менен кирип кеткен болушу толук мүмкүн.

Текебаевдин адвокатынын соттогу жарыш сөз учурундагы сөзү

Поделиться

Написать комментарий