1830
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Жаш саясатчы УКМКага чакырылды

Жаш саясатчы УКМКага чакырылды

“Жаңы муун” саясий кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков 10-август саат 17:00гө УКМКага суракка адвокаты менен чакырылды. Бул тууралуу жаш саясатчы Фейсбуктагы баракчасына маалымдады.

“1 сааттын ичинде кайдан адвокат таап, кайдан барам. Жок дегенде бир күн эрте айтышпайбы. Эмне жөнүндө экенин айтышкан жок, бирок Дача Су маселеси, башка жаңы конуштар маселеси, Мусабекова же Балыкчынын мэрин сындаганым да себеп болушу мүмкүн” деп бушаймаланат Мавлян Аскарбеков.

Акыркы маалыматтар боюнча, Мавлян Аскарбековдун өтүнүчү менен суракка чакыруу убактысы өзгөртүлдү. Ал дүйшөмбү күнү саат 14:00 бармак болуп калды.

Жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков азыркы бийликтин кескин сындоочуларынын катарына кирет.

Булак: Элньюс
баннер А

баннер А

Поделиться

Написать комментарий