2197
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер С

Жанар Акаев адилеттүүлүк деп Текебаевди билсе куураган экен

Жанар Акаев адилеттүүлүк деп Текебаевди билсе куураган экен

Өзүн-өзү креативдүү жаштардын катарына кошуп, бүтүндөй кыргыз жаштарынын атынан оозун чоюп сүйлөп үйрөнгөн Жанар Акаев деген “тентек” депутат бар. “Азаттык” үналгысында Батыштын арыгын чаап жүрүп президент Алмазбек Атамбаевдин колтугуна кире качкан. Жанардын жылдызы дал ошол Ак үйгө, тактап айтканда, президенттин жанына барганда жанды. Кийинчерээк шайлоо болуп ажонун башын айлантып туруп КСДПнын алдыңкы катарына илешип алды. Ошентип көчөдө эле жүргөн Ж.Акаев КСДПнын кадыры менен бакыйган депутат болуп чыга келди.

Ж.Акаев “Азаттык” үналгысында иштеп жүргөндө деле Өмүрбек Текебаевди тымызын колдоп, аны аталган үналгы аркылуу пиарлап жүрчү. “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатындагы балдар менен достошуп, алардын чайын ичип жүрүп Текебаевдин кыйбас жактоочусуна айланган. КСДП аркылуу парламентке депутат болгондон кийин чыныгы жүзүн көрсөтүп ачык эле “Ата Мекен” партиясынын таламын талаша баштады. КСДП аркылуу эл менен жолукканда берген убадаларын унутту. Аягында фракциядан кууду.  

Эми ушул Жанар акыйкаттын үлгүсү катары Текебаевди атап, аны сотунда жактап сүйлөп жүрөт. Эгер ал акыйкаттуулук деп Текебаевди билсе даана куураган экен.

Ж.Акаев деле жаш туруп булганган бала. Текебаев айткандай оштук “бай чалдардын” финансылык тирешине аралашып, мандатын пайдалануу менен бир топ акча да жасап алган. Жалаң айлык менен күн көргөн Жанардын азыр 40 миң долларды чапчыган “жолтандабасы”, элиталык үйлөрдө батири, өзү каржылаган сайты бар. 4-5 адамга айлык берип, коко тыйын пайда алып келбеген сайтка каражаттаы кайдан таап жатат? Же ууру ууруну колдойт болуп жатабы?  

баннер C
баннер C

Поделиться

Написать комментарий