2188
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер B

Өзүн-өзү алдаган текебаевчилер “ачкачылык” акциясын токтотту

Өзүн-өзү алдаган текебаевчилер “ачкачылык” акциясын токтотту

Ири өлчөмдө пара алуу фактысы менен соттолуп жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жактап ачкачылык акциясын жарыялагандар акциясын токтотуптур. Алар мындай кадамга эч кандай жыйынтык чыкпагандан улам барганын айткан. Тамактан баш тарттык дегендердин бири Айбек Султанкулов эми башка кадамдарга бара турганын билдирген.   

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Текебаевдин жактоочулары эл көзүнчө тамактан баштартып, күүгүм киргенде курсактарын кампайтып жатканын жазып чыккан. Маселен, “Саясат.kg” сайты аларга “Фаиза” кафесинен тамак жеткирилип турганын жазган. “Арадан 2,5 күн өтсө да былк этпей, унчукпай эле бүк түшүп жаткан “ата мекенчилердин” сыры тез эле маалым болду. Көрсө алар күүгүм киргенде курсактарын кампайтып, “тарс” эттирип коюп эле жыргап жатыптыр. Маселен, 2-август күнү кечки саат 20:00дө “ачкачылык” жарыяланып жаткан “Ата Мекен” партиясынын кеңсесине (Рыскулов менен К.Акиев көчөсүнүн кесилишине) партиянын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева 3 баштык тамак-аш таштап кеткен. Ал көтөрүп барган пакеттердин ичинде дарбыз, патыр нан, суусундук, тамеки бар экени маалым болду. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын капчыктуу мүчөлөрү борбор калаадагы “Фаиза” кафесинен “ачкачылык” жарыялагандарга манты жеткирип берип жатканын соцтармактын колдонуучулары жазышууда. Көрсө булар курсактарын кампайтып, жыргап эле жаткан турбайбы. Уялбагандан өзүң уял болуп”, – деп жазат аталган агенттик.

Эл көзүнчө ачкабыз деп байкуш көрүнүп, кечинде курсактарын кампайткан “ата мекенчилер” абийир деле таппады. Же алардын койгон талаптары мыйзамга туура келсечи. Элдин көңүлүн өзүнө бурабыз деген арам ойлорунан да майнап чыкпады. Ошентип өзүн-өзү албаган текебаевчилер мыш болду.

баннер C
баннер C

Поделиться

Написать комментарий