1822
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Текебаев “Супарада” Маевский менен жолукканын өзү айтып берди

Текебаев “Супарада” Маевский менен жолукканын өзү айтып берди

Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сот отурумунда орус ишкери Леонид Маевский менен жолугушуусун кеңири баяндап берди. Айтымында, ал Маевский менен Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында, ал эми 1-сентябрда Маскөөдө жолуккан.

Орусиянын Мамдумасынын экс-депутаты Маевский менен 24-августта «Супарада» бирге түштөнгөнүн айткан Текебаев: «Ошол жерден Орусияга визит менен барарымды айтып, орус жетекчилиги менен жолугушуу уюштурууну сурандым. Ал макул деп Москвада жолугушууну убада кылды. 1-сентябрда Москвага «Справедливая Россиянын» өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн бардым. Визитти даярдаган Эркин Алымбеков тосуп алды. Ал жерге Леонид Маевский да келиптир”,-деди. Ошондой эле ал, бул сапарында Маевскийдин жеке кеңсесине барганын да мойнуна алды.

Буга чейин Маевскийди өмүрү көргөн эмесмин деген Текебаев, сотто күбөлөрдүн көрсөтмөсүнөн соң аны менен жолугуп чайлашып отурганын мойнуна алган. Ошондой эле өгүнкү соттук отурумда Маевский менен башкы “атамекенчинин” ортосунда чабармандык кызматты аркалады деген маркум Талант Маматкеримовду Маскөөгө баратканда биринчи жолу көргөнүн айткан эле. Ал эми бүгүнкү отурумда, Текебаев Маматкеримовду алгачкы ирет “Супарадагы” жолугушууда көргөм деди. Кечээ айткан сөзү менен бүгүн айткан сөзү дал келбей жаткан Текебаевдин соттогу ар бир сөзүнө анан кантип ынанууга болот?..

баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий