1857
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Талантбек УЗАКБАЕВ, мурдагы айыл чарба министри, экс-депутат: «Премьер-министрдин жакшы демилгелерин коомчулук, парламент колдошу керек»

Талантбек УЗАКБАЕВ, мурдагы айыл чарба министри, экс-депутат: «Премьер-министрдин жакшы демилгелерин коомчулук, парламент колдошу керек»

– Ѳкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков КТРКга берген маегинде “мени кыжалаат кылганы биздин дыйкандарыбыз өнүгүүгө багытталган долбоорлору менен банкта кезекте турганы. Аларга төмөндөтүлгөн пайыздагы насыялардын жетишпей жатканы” деп бул тармактагы көйгөйлөрдү белгилеп, мындай маселелерди жакын арада чечээрин белгиледи. Премьердин бул көйгөйдү чечээрине көзүңүз жетеби?

– Негизи бизде мамлекеттик казынада акча тартыш, каржы жетишсиз болуп жатпайбы. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун талаптары да оор болуп, карапайым дыйкандар аткара албай жатышат. Албетте, бул фонддун үстөк пайызы аз дечи. Ошентсе деле дыйкандарга талаптары оор болууда. Биздин дыйкандар насыя алышып, аны кайра үстөгү менен жаап, андан тышкары өздөрү да өнүгүп жатышкандары үчүн ар бир дыйканыбыздын төшүнө орден таксак да жарашмак. Дыйкандарыбызга карызга акча берип, үстүнө үстөк кошуп, мындан тышкары өзү да пайда тапкан дыйканды дүйнөдө, ошол эле АКШда деле биздикиндей дыйкандарды таппайбыз. Америкада, маселен, дыйкандарга дотация, субсидия беришсе, бизде андай жок да. Ал эми жалпы жонунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аракети, каалоосу колдоого гана алчу кадам. Өкмөт башчысы көтөрүп, демилгелеген мындай нерселерди баарыбыз биргеликте, айрыкча, парламент колдоого алышы керек.

– 2018-жылдан баштап асыл-тукум станцияларына, үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттен дотация берилээрин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ишенимдүү билдирүүдө. Жээнбековдун мындай пикири канчалык деңгээлде негиздүү деп ойлойсуз? Идея ишке ашабы?

– Сооронбай Жээнбековдун мындай кадамдарын сөзсүз түрдө колдоого алышыбыз керек. Идея ишке ашышы үчүн алдыда көптөгөн иш-аракеттер болот. Маселен, акча колго тийсе, асыл-тукумду алдык дейли, мыйзамда “үрөнчүлүк асыл-тукум чарбаларга жер бөлүнүп берилсин” деп жакшы чыгарганыбыз менен андай болбой жатпайбы. Жер болмоюнча, малдын башын да, үрөн чарбаларды да өстүрө албайбыз. Ошондуктан, дыйкан-чарбаларга атайын жер бөлүп, бекитип беришибиз керек. А азыр жер жок болуп жатат. Кандай асыл-тукум мал алып келсек дагы, биринчи кезекте тоют базасы керек болот. Бүгүн танкадай мал алып келсек, эртең ал тоют болбосо жигулидей болуп калат да. Кеп-кенедей болуп. Мындай көйгөйлүү маселелерди комплекстүү түрдө карап анан чечиш керек. Маселе чечилсе, Сооронбай Жээнбековдун мындай кадамы албетте, колдоого гана арзыйт.

Булак: Курч
баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий