1849
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Сооронбай Жээнбеков үчүн 50 миң кол топтолуп, БШКга тапшырылды

Сооронбай Жээнбеков үчүн 50 миң кол топтолуп, БШКга тапшырылды

КСДП партиясынан КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн топтолгон 50 миңден ашык кол тамга Борбордук Шайлоо Комиссиясына ɵткɵрүлүп берилди.

Талапкердин ыйгарым укуктуу ɵкүлү Жылдыз Сманбаеванын белгилɵɵсүндɵ, шайлоо мыйзамдарына ылайык, Президенттикке талапкерлик үчүн 30 миң кол топтоо жетиштүү.

«Жалпы болуп биздин активисттер Сооронбай Жээнбеков үчүн 100 миңден ашык кол топтошту. Бирок БШКнын ɵтүнүчү менен 50 миң кол тапшырдык. Муну менен комиссия мүчɵлɵрүнүн жумуштарын кɵбɵйтпɵйлү дедик. Алардын жумуштары ансыз да кɵп болууда», — деди Ж. Сманбаева.

Белгилей кетсек, КР Президенттик кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги кɵрсɵтүлгɵндɵн тартып, ɵлкɵнүн бардык аймагында кол топтоо кампаниясы жүрдү. Кол топтоочу жайлар ɵлкɵнүн бардык аймактарында ачылды.

Шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык, кол топтоо талапкер кɵрсɵтүлгɵндɵн тарта башталып, 2017-жылдын 26-августуна чейин уланат.

баннер А

баннер C

Поделиться

Написать комментарий