2198
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

Ильич КУЛНАЗАРОВ,  журналист: “Бабановдун сын-пикир жазган ММКларды аккредитациядан ажыратканы санкциянын бир түрү”

Ильич КУЛНАЗАРОВ,  журналист: “Бабановдун сын-пикир жазган ММКларды аккредитациядан ажыратканы санкциянын бир түрү”

– Ильич мырза, акыркы убакта Өмүрбек Бабановдун  ишенимдүү адамдары сын-пикир жазган маалымат каражаттарына, интернет-сайттардын БШК аркылуу шайлоодогу аккредитациясын ажыратууга киришишти. Маалымат каражаттары шайлоолордо өздөрүнүн материалдык абалдарын чыңдап алышаарын эске алганда бул жагына журналист катары пикириниз кандай?

– Өмүрбек Токтогуловичтин сын пикир жазган ММКларды “БШКдагы каттоосун ажыратам” дегени “сенин таба турган пайдаңдан ажыратам” дегени да. Өзүнчө санкциялардын эле бир түрү.

– Эми бул саясатчы журналисттерди кысымга алуу менен көздөгөн максатына жете алабы?

– Менимче, аны менен маселе анын пайдасына чечилбейт. Андан көрө тигил же бул ММКнын журналистин чакырса өзүнө “сүйлөшөлү, эмне болуп жатасың” деп көрсө, “өңдү көрсө жүз таят” дегендей маселе чечилмек. Тиги журналист менен кара пиардын дагы чеги болот деп жеке өзүнө айтса, ал деле менимче аша чаппайт эле. Кесиптештериме да айтат элем келекелеп, өтө аша чаппоо керек. Сын айтуу да керек, бирок, чеги менен болгон нерсе жакшы го…

Баннер B

Поделиться

Написать комментарий