1854
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Эгер КСДПдагыдай кылып праймериз өткөрсө кимиси алдыга озушу мүмкүн?..

Эгер КСДПдагыдай кылып праймериз өткөрсө кимиси алдыга озушу мүмкүн?..

Өгүнү, канкор Бакиевдин колуну суу куйгучу Улугбек Ормонов Лондондон кайтып келген соң, ажолукка талапкерлигин койгон Ташиев, Мадумаров, Төрөбаев жана Келдибеков төртөө бириккенин жана бирдиктүү талапкерге сүрөөнчү болорун жар салышкан. Алардын “никелешүү” аземи “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын кеңсесинде өткөнү белгилүү.

Айласы кеткенде бириккен төртөө чечимин ачыктары менен түштүктөн добуш топтоого кандай жол табууну ойлонуп жаткан эки талапкер учурда ат тезегин кургатпай алардын эшигин каккылап жаткан кези. Алардын бири Темир Сариев бул тууралуу ачык эле айтып чыкты. Бирок, амбициясы аттын башындай тиги эрендер Темикени “кааласаң бизди колдо же болбосо, чык эшикке” деп коеру турган иш. Бул туурасында тосмодон секирүү жагынан “профи” болуп калган Чыңгызхандын шакирти ачык эле айтты. Ал: “Төртөөбүз биригип партия түзүү боюнча келиштик, азыр төртөөбүздөн бир талапкерди алып чыгууну сүйлөшүп жатабыз. Бирок бизге дагы башкалар кошулам десе даярбыз”,-деп Темике тырбалаңдаба дегендей кыйытты.

Ал эми бизнестин аки-чүкүсүнө чейин билген экинчи талапкер бул сапар тигилерди дагы “сатып” алсам болоор бекен деп эки колун ушалап, мээсин лотереянын шарындай чимирилтип жаткан чагы. Бирок анысынан майнап чыкчудай түр жок. Дегеним, атта десе далбактап чуркаган Ташиев бул сапар “сүткө оозу күйгөнүн” ачыктап бириккен төртөөнүн бирөөсү гана ажолукка чыгаарын айтып маек берүүдө. Байкасак, ажолукка өзүн талапкер кылып алып чыкса деген кыялы дале өчө элек экен.

Ал эми буга улай, төртилтиктегилердин арасынан эң кырааны менмин деп Төрөбаев төш кага баштады. Жергиликтүү ММКлар аркылуу өзүн байдын кызынча мактатууга өттү. Эгер КСДПдагыдай кылып праймериз өткөрсө кимиси алдыга озушу мүмкүн? Кыргыздын ыйык жери Каркыраны сатууга макул деп добуш берген Мадумаров менен Төрөбаевби же алакөөдөн Ташиевби?

баннер А

Баннер B

Поделиться

Написать комментарий