1853
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Чымындан пил жасаган «атамекенчилер»

Чымындан пил жасаган «атамекенчилер»

10-августта ири суммадагы коррупцияга айыпталып атышканы Ө. Текебаев менен Д. Чотоновдун сот процесси кызык жагдайлар менен уланды. Тактап айтсак, «мен акмын, эч нерседен коркпойм, кыжаалат да болбойм» деп аткан Текебаевдин сот залында саламаттыгы начарлап, натыйжада «Тез жардам» чакыртылды.

Мына ушул окуяны «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү, Текебаевдин маалымат катчысы Кайыргүл Урумканова «Текебаевдин жүрөгү кармап, өзүн жаман сезгендиктен доктурлар чакыртылды» деп заматта маалымат булактарынын бирине кабарлап жиберген.

Бирок, Кайыргүл айым жалган айтканын Текебаев өзү тастыктады. Тактап айтсак, Өмүрбек мырза сот жүрүп жатканда өзүн начар сезе баштаганына кан басымы жогорулап кеткени себеп болгонун билдирди. Дарыгерлер анын саламаттыгын карашкан соң, ал кайра сот залына кайтып келген.

Кан басымы көтөрүлүп кетсе, аны жүрөгү кармады деп алып-учурган «атамекенчилерге» эмне дейбиз? Ушундан эле алардын коомчулукту жалаң жалган, апыртылган маалыматтар менен суугарып келатканын биле берсек болот эмеспи.

Булак: Фокус
баннер А

баннер C

Поделиться

Написать комментарий