1858
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Чүйдө “Челек-Төр” көлүнөн суу ташып, коркунуч жаратууда

Чүйдө “Челек-Төр” көлүнөн суу ташып, коркунуч жаратууда

Бүгүн, 11-августта, жамгырдын кесепетинен Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Челек-Төр” бийик тоолуу көлүнөн суу ашып, жакын жайгашкан айылдарды суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу кабарды, ӨКМдин маалым кызматынан да тастыкташты.

Өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана жоюу иштерине ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов жетектеген ыкчам топ жөнөп кеткен. Ошондой эле Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым өкүлү Бактыбек Кудайбергенов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакта жүрүшөт.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 12:30дар чамасында жааган жаандан улам көлдөгү суунун деңгээли көтөрүлүп, ташыган. Ал Нооруз суусуна кошулуп, төмөндө жайгашкан 1 сарайды, 1 турак үйдү каптап, 5-6 электр мамысын жарактан чыгарды. Бактыга жараша жабыр тарткан адамдар жок. Кырдаалды жөнгө салуу максатында, ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Кыймылдуу көчмө пункту, ӨКМдин Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунан 32 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1 ӨКБнан 10 адам, райондук жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары тартылган. Мындан тышкары, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунун техникалары даярдыкка келтирилген.

Баннер B
баннер А

Поделиться

Написать комментарий