1832
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Аскер САКЫБАЕВА, “Жаңы Агым” гезитинин мурунку редактору: “Бабановдун маалымат каражаттарына койгон чабуулу жакшы тенденция эмес”

Аскер САКЫБАЕВА, “Жаңы Агым” гезитинин мурунку редактору: “Бабановдун маалымат каражаттарына койгон чабуулу жакшы тенденция эмес”
— Соңку кездери Өмүрбек Бабановдун аткошчулары сын-пикир жазган маалымат каражаттарын, интернет-сайттардын БШК аркылуу шайлоодогу аккредитациясын ажыратууга киришишти. Бул жагына тажрыйбалуу журналист катары пикириниз кандай?

— Албетте, бул жакшы тенденция эмес. Кокус президент болуп калчу болсо, Кыргызстандагы ММКлардагы президенттин соттошуу салты ийгиликтүү улангыдай. Президенттикке талапкер адам ММКлар менен иш алып баруу тактикасын сотторсуз эле түзсө болмок. Келечекте эл башчысы болом деген адам бардык жаман да, жакшы да нерсеге даяр болушу керек эле.

— Бабанов ушундай кысымы менен журналисттердин оозун жаба алабы?

— Кокус Бабанов президент болуп калган күндө да ар кандай кеп сөз токтобойт. Эл оозунда элек жок да. Анда элдин баары менен соттошобу? Экинчиден, айрым журналисттер, басылмалар да аша чаап кетип жатышканын калыстык үчүн айтып коюш керек. «Кара пиар» менен алектенгендер анын арты эмне менен бүтөөрүн билип туруп ушундай кадамдарга барып жатышса керек. Бирок, баары бир журт башчысы болууга умтулган адам айкөл болсо жаман болбос эле.

Баннер B
баннер А

Поделиться

Написать комментарий