1850
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Айбек АИЛЧИЕВ, серепчи: «Биригүү кур челектин калдырагына айланбаса»

Айбек АИЛЧИЕВ, серепчи: «Биригүү кур челектин калдырагына айланбаса»

Кыргыз саясатты кызыктарга бай. Катталган кандидаттардын алтымышка чамалап барышы эле биздин саясат туруксуз ошол эле учурда тегерете курчалган диктатуралык  маанайдагы супер президенттик өлкөлөрдүн арасында адам укугуна, демократияга болгон кандайдыр бир денгээлде басым жасалган өлкө экендиги сүйүндүрөт. Талапкерлигин койгон кандидаттар президент болобу, марага чейин барабы ал маселе экинчи. Негизгиси амбицияларын  көргөзүп, чоң саясатка аттанам дегендер тартынбай барып БШКга катталып, ал тургай алардын катарын кылмыш ишине шектелген саясатчылардын толуктаганы Орто Азияда адамдын жеке баалуулуктарына болгон сый урмат экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Арийне, жашырбай айтсак алардын арасында эч бир ойлонбой туруп, текшерүүсүз, анализ сиз Чым Коргонго жолдомо берчөүлөр да бар… Бирок, биз адам укугун сыйлаган мамлекетипиз…

Маселе күндүн темасына айланган саясатчылардын бир топко биригип, бирдиктүү талапкерге токтолуу демилгеси коомчулукту чайкап койду. Түпкү маанисин карасак биригүүнүн өзү жакшы нерсе. Амбицияларды жеңе билип, жол бошотуп, мүмкүнчүлүктөргө жараша шайлоого аттануу жакшы жышаан. Кыргыз саясатында божомол жүргүзүп келе жатып эле бир жерден мүдүрүлөсүң. Тилекке каршы деген санааркоону ойго салсаң кийинки келечекти эстегенден заарканасың. Айталы ошол эле тилекке каршы деген эки сөз менен биригүүгө белсенген саясий топтордун алдыдагы саясий жүрүштөрүн божомолдосок булардын биригүүссү деле анчейин алыс барчудай эмес. Кыргызстандын эгемен тарыхында мындай биригүүлөр ондоп, балким жүздөп саналат. Ошол эле Акаевди кызматынан кетирүү үчүн андагы президенттик адмистрация башчысы Мисир Ашыркуловдун катышуусунда түзүлгөн оппозиция менен болгон альянс, Курманбек Бакиев-Феликс Кулов тандеми, Аликбек Жекшенкулов демилгелеген “Акыйкат үчүн кыймылы” БЭК, КЭК айтор санай берсе манжа жетпес. Аягы эмне болду? Кечээ эле бир жээкте түбөлүк болобуз деп касам ичип, ант беришкендер эртеси душманга айланып чыга келишти. Башканы айтпайлы. 2010-жылдан кийинки Убактылуу өкмөттөгүлөр азыр кайда?

Көрдүңүзбү, саясаттагы биздин үлкөндөр биригүү убактылуу кызыкчылык менен гана чектелээрин билдирип коюшту. Азыркы биригип жаткан саясатчылар шайлоо алдында жолуга калып тактикалык жүрүш катары биригип жатуусу деле узак убакытка деп айтууга ооз барбайт. Анткени булар да буга чейин бир эмес бир нече биригүүнү баштан өткөрүшкөн. Алардын биригүүлөрүн балким өздөрү унутуп калышса да коомчулук унута элек. Эгер эсеринен чыгып калса эскертип коюууга ыракым этишеттир. Төртиликтин төртөтең бирден биригип чыккандар. Кечээ эле жаш баладай кар чачышып ойногон Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров менен Аскар Салымбеков, Бакыт Төрөбаев менен Мелис Мырзакматов, Ахматбек Келдибеков менен Садыр Жапаров бүгүн бир дасторконго отуруп даам сыза алышпайт. Башканы айтпаганда да акыркы Ахматбек Келидибеков менен Садыр Жапаровдун ортосундагы мамилени коомчулук же саясий талдоочулар эмес дал Садыр Жапаровдун өзү жазган китебинде казактардан келген 3 000 000 доллардын кумга сингендей жоголушун, кадр саясатындагы өзүм билемдикти, манап чалыш жүрүм турумун ачык жазган. Анан кантип  ушул биригүүнү келечекүү деп айтууга ооз барат. Биздин саясаттагы биригүүлөрдүн өмүрүнүн кыскалыгы бул убактылуу гана кызыкчылыктарга байланат. Биздеги кайсы гана биригүү болбосун идеологиясы борпоң, программасы жок, идеядан куру, тар кызыкчылыктарды камтыгандыктан кум сепилиндей урайт. Бирдиктүү проргамманы жарыялап, “Мен бул кызматка барам, тигил ал кызматка барат, биз өлкөнү мындай жол менен –өнүктүрөбүз, президенттик же парламенттик жолду тандайбыз” деп ачык айта алышпайт. Болгону убактылуу кызыкчылыктар менен биригип алышып, максаттарына жеткен соң эртеси бет карагыс болуп эки айры жолго түшүшөт…

Булак: «Фабула»
баннер А

баннер C

Поделиться

Написать комментарий