1826
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Бабановдун үстүнөн БШКга 5 арыз түштү, эми аны шайлоодон четтетеби?

Бабановдун үстүнөн БШКга 5 арыз түштү, эми аны шайлоодон четтетеби?

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үстүнѳн дагы эки арыз келип түшкөн. Ушуну менен Бабановдун үстүнөн келип түшкөн арыздардын саны бешке жеткен. Бул тууралуу БШК 10-августта кабарлады.

Маселен «Коомдук жаштар кеңеши» уюму Бабановдун маалымат жыйынынан соң бир катар ММКларда үгүт материалдары кеткенин белгилеп, ага нааразычылыгын билдирген. Алар Өмүрбек Токтогуловичтин ачык эле мыйзамдарды бузганын белгилөөдө. Андыктан, «Коомдук жаштар кеңеши» уюму БШКны Бабановго чара көрүүгө чакырган.  

Ал эми Токтаналиева аттуу шайлоочу болсо “Новый Бишкек” басылмасына чыккан Бабанов тууралуу үгүт материалына нааразы болуп БШКга кайрылган. Ал Өмүрбек Бабанов өз талапкерлиги үчүн ачыктан-ачык үгүт иштерин баштаганын, БШК Бабановго эскертүү бериши керектигин талап кылган.

Буга чейин “Республики — Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун үстүнөн БШКга 3 арыз-даттануу келип түшкөн.  Турсунбек Акун жана Бакыт Керимбеков добуштарды сатып алууга аракет кылганын айтып нааразы болсо, Мелис Аспеков аттуу активист да аны шайлоодон четтетүүнү талап кылган.

Бабанов Кыргызстандагы эң капчыктуу саясатчылардын бири. Ал байлыкты качкын президенттердин балдары менен арам жолдор аркылуу топтогону буга чейин айтылган. Эми шайлоо мызамдарын одоно бузуп жаткан Бабанов боюнча БШК тиешелүү чара көрүшү керек. Болбосо башка талапкерлердин колдоочуларынын чоң нааразычылыгы чыгат. 

баннер А

баннер C

Поделиться

Написать комментарий