1864
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Сариевдин калпы чыкты

Сариевдин калпы чыкты

Бүгүн, 8-августта, президенттикке талапкер Темир Сариев өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу атаандаштарынын бири Сооронбай Жээнбековду сындаган билдирүү жазып чыккан. Анда ал: “Үгүттөө учуру дагы баштала элек, бирок ага карабастан, күнүгө “Форумга” иш убактысына карабай улам-улам ар түрлүү министрлерди, губернаторлорду, мэрлерди ж.б., жетекчилерди бийликчил партиянын талапкерине иштегенге ачык эле мажбурлап жатышат. Бул ишти Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов экөө алып барып жатышат. Бул “жумуш жыйындарында” өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өзү дагы маал-маалы менен катышып калып жатат”,-деп армандаган. Буга Прокуратурага менен БШКны ыкчам көңүл бурууга чакырып, ал эми Сооронбай Жээнбеков чукул арада ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүсүн кошумчалаган эле.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов таш мылтыктай болгон Темикенин кебин төгүндөп, анын билдирүүсүн өзүнө көңүл бурдуруу аракети катары баалады. Ал: “Бул кадимки эле пиар технология. “Форумга” аткаминерлер иш учурунда келип жатат деген негизсиз кеп. Биз жолугушууларды уюштурбайбыз. Иштен тышкары убакта келгенге алардын укугу бар. Эч кимди келбегиле деп чектей албайбыз”, — деди.

Кечээ эле бийлик таза шайлоону камсыздап берет деп бапылдаган Сариев бүгүн минтип калпты-чынды койгулаштырып 180 градуска өзгөрүшүнө эмне түрткү болду? Баам салсак, кечээ Мадумаров, Ташиев, Келдибеков жана Төрөбаев төртөө бириккенин, шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдоп чыгышаарын маалымдашкан эле. Мына ушундан соң түштүк жергесинде кадыры «нөл» Сариев бийлик партиясы көрсөткөн талапкерге сын жаадырып киргени, жогорудагыларга мени да эске алгыла дегени эмеспи?..

 

баннер А

Баннер B

Поделиться

Написать комментарий