1868
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Экс-дептутат, Мээрбек МИСКЕНБАЕВ: “Мен Текебаевдей болуп «Мегакомдон» пара эмес, өз айлык акымды алып жатам”

Экс-дептутат, Мээрбек МИСКЕНБАЕВ: “Мен Текебаевдей болуп «Мегакомдон» пара эмес, өз айлык акымды алып жатам”

Орус ишкеринин 1 млн долларын сугунуп алып, куспай жаткандыгы үчүн айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев кечээ, 7-августтагы соттук отурумда адатынча кылмыш ишине таптакыр тиешеси жок нерселерди айтып дабдырады. Тактап айтканда, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев «Мегакомдун» жетекчисине кеңешчи болуп дайындалды деген ал: “Угушумча айлыгы 150 миң сом экен”,-деди. Кызык, сотто орус ишкерин 1 миллион долларга сызга отургузуп кеткендиги боюнча иш каралып жатса, бул жерде Мискенбаевдин эмне тиешеси бар?

Буга чейинки ышкырткан калптары ачыкталып, күнөөлөрүн тана албай айласы алты кеткен Текебаевдин бул маалыматы да кезектеги канатсыз “өрдөк” болуп чыкты. Дегеним, экс-депутат Мээрбек мырза соттолуучу “атамекенчинин” айткандары боюнча өз жообун берди. Эки айга жакын убакыттан бери аталган компанияда эмгектенип жатканын билдирген ал: “Текебаев 150 миң сом деп адатынча дагы көбүртүүдө. Маянам 80 миң сомго жакын. Мен Текебаевдей болуп Мегакомдон пара эмес, өз айлык акымды алып жатам. Ал эми мен депутат кезде 7-апрелде каза болгондордун 3 миллион сомун уурдап алды деген кепти айтып чыгып, мени эл алдына жаман көрсөткөн. Муну териштирели дегенимде Текебаев өзү качып кеткен. Ошондой каралоо, ушактарды чыгара бергендиктен мандатымды да өз эрким менен тапшырган элем. Эми 7-апрель жөнүндө айтсам, Текебаев бир ооз сөз сүйлөгөнгө акысы жок. Ошол күнү УКМКнын СИЗОсунда жаткан Текебаевди биз бошотуп чыкканбызда, силер болбосоңор мени өлтүрмөк деп буркурап ыйлаган. Жүрү эми Ала-Тоо аянты канга боелуп жатат, эл менен болуңуз десек “жок мен барсам атып өлтүрүп коюшат” деп качып кеткен. 7-апрелде ок жеп жараат алгандардын кырктайы көз жумду. Мына ошолордун бирине да топурак салып коюуга барган жок. Кабар да алып койгон жок. Силердин колуңардан эмне келет, силерсиз эле жеңишке жетем деп текеберленип, теңине албай бизди мазактап, өзүн “герой” сезип жүрдү. Ошондо, аферисттик иштериң үчүн акыры баары бир мыйзам алдында жооп бересиң деп эскерткем. Азыр да айтам, Текебаев Кыргызстандагы – номур биринчи аферист! Мына ошол 7-апрелдеги Элдик революцияга кара так түшүргөндүгү үчүн Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да жооп бере турган күн келет”, -деп агынан жарылды.

Чынында, 7-апрелде ким кайда болгону, ким эмне менен алек болгону жалпыбызга маалым. Алардын баары канкорлордун бийликтен кулатып, эркин өлкөнүн кайрадан калыптанышына бар күчүн жумшаган кыргыз элинин алдында жооп бериши керек. Периштедей акмын деген мына ошолордун бири Текебаев ар нерсенин башын бир айтып дөөрүбөй, адеп сотто өзүнүн ак экенин далилдебейби…

Баннер B
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий