1860
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

(АУДИО) Балыкчы шаарынын мэри мурдагы мэрге: “Көлгө чөктүрүп өлтүрүп салам!”

(АУДИО) Балыкчы шаарынын мэри мурдагы мэрге: “Көлгө чөктүрүп өлтүрүп салам!”

Тогуз жолдун тоомундагы Балыкчыны кимдер гана билбейт. Эсил кайран СССР ыдыраган соң бир кезде гүлдөп турган шаардын экономикасы артка кетип, “өлүк шаарга” айланганын эч ким тана албайт. Дегеним жумушсуздук күч алып, жаштардын көпчүлүгү жер которсо, алды чет жакта мигрант болуп жүргөн кези. Өкүндүргөнү берметибиз Ысык-Көлдүн улагасы болгон келечеги кең шаарды эгемендикти алгандан бери кайрадан гүлдөтүүгө жандалбастаган жетекчинин жоктугу болууда. Буга чейинки шаар башчылыгына келген эскилер айдалып, алардын ордуна илимдүү, билимдүү деп былтыр май айында Алмаз Мамбетов аттуу жаш кадр тандалган эле. Өмүр баянына көз чаптырсак, кесиби боюнча дипломат, бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Бул жигит аталган шаардын мэрлигине келгенде кантсе да дипломат эмеспи, мындан бир нерсе чыгат деген үмүт абдан зор эле. Көрсө терең жаңылган экенбиз. Бийлик тизгини колуна тийгени мансабына манчыркап, өзүнчө эле рэкет болуп алыптыр. Баягы мышык кейпиндеги Оштун мэрине окшоп, өзүн хан сезип алган өңдөнөт, ага каршы чыккан шаар тургундарын коркутуп-үркүтүп, ашата сөгүп, өлтүрүп салуудан кайра тартпасын ачык эле айтат экен. Анын мындай кылыгын тастыктаган аудио жазуу кечээ интернетке тарады. Анда Мамбетов Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновго телефон чалуу аткарып, ой-да бир сөгүп, андан отчет берүүнү талап кылып кол койгон 30 чакты адамды көлгө чөктүрүп өлтүрүп саларын жашырбаптыр. Эми анын аудио жазуудагы сөздөрүн уккан кишинин төбө чачы тик турат. Шаардык кеңештин депутаттары чукул жыйынга чогулуп, мындай ээнбаш немени кызматтан айдашы керек жана “өлтүрүп салам” деп коркутканы үчүн мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Болбосо, дал ушундай маданиятсыздар учурдагы бийликтин бетине кара көө болгону болгон…

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун мурдагы мэр Сатыбек Шамшудиновду коркутуусу:

 

Сатыбеков сол жакта, Мамбетов оң жакта

баннер А

Баннер B

Поделиться

One Comment - Write a Comment

Написать комментарий