1871
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Канкор Бакиевдин уулу Максим шайлоого карата жаңы долбоорун баштадыбы?

Канкор Бакиевдин уулу Максим шайлоого карата жаңы долбоорун баштадыбы?

Бүгүн, 7-августта, ажолукка аттанган А.Келдибеков, А.Мадумаров, Б.Төрөбаев жана К.Ташиев деген төрт эрен президенттик шайлоо алдында биригишкенин жар салышты. Маалыматка ылайык, алар кечээ, жолугушуу өткөрүшүп, жаңы партия түзүү, ошондой эле бирдиктүү талапкерди колдоо чечимине келишкен.

Буга чейин бириккенден, талак бергени бат болгон Мадумаров, Ташиев жана Келдибеков үчөө кайрадан бир кемеге отуруп, ага Бакыт Төрөбаевди салып алышканына караганда шайлоого өз алдынча баруудан коркушкан сыяктуу же Лондон тараптан ушундай буйрук берилдиби? Дегеним, июль айынын этегинде Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ Бишкек-Лондон-Эдинбург каттамы менен иш сапарга чыгып келишкен. Алардын арасында “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормонов да бар. Депутаттардын иш сапары бир аптага созулуп, кайра мекенге 1-август күнү кайтып келишкен. Мына ушул сапарда бир кызыктуу окуя болгон экен. Тагыраагы, иш сапар учурунда тиги Ормонов жок болуп кетип, депутаттар аны издеп таппай калышканын, бир суткадан соң эч нерсе болбогон кишидей кайра катарга кошулуп калганын эшиттик. Балким тууган-туушкандарына же досторуна кетип калды дейли десек, ал жакта жакындарынан эч ким жок экен. Лондондо “ак жолчулардын” сагынган бир гана канкор Бакиевдин уулу Максим бар экени белгилүү эмеспи.

Баарынан кызыгы, Ормонов Англиядан кайтып келген соң, көп өтпөй минтип жогорудагы төрт эрен бириге калганы болууда. Ал эми Ормонов менен тиги төртөө тыгыз байланышта экени жалпыга белгилүү. Алсак, кезинде булардын баары канкор Бакиевдин акырынан чөп жеп жүргөндөр. Мисалы, Ташиев канкор Бакиевдин амири менен ӨКМди жетектесе, Келдибеков Салык кызматын аркалап, ал эми Мадумаров, Ормонов, Төрөбаев үчөө Каркыраны казактарга сатууга “макул” деген добуштарын берип парламентте отурушкан. Мындан улам, ажолукка аттанган амбициясы аттын башындай төртөө капыстан бириге калышканына караганда Лондондогу “шефи” “Б” планын Ормоновдун колуна карматкан го…

Баннер B
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий