1861
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Эдил Байсаловго «жин» тийдиби же Бакиевди катуу сагындыбы?

Эдил Байсаловго «жин» тийдиби же Бакиевди катуу сагындыбы?
1-августта өз элин канга боеп качкан канкор Курманбек Бакиевдин туулган күнү болду. Дагы деле толук акыл-эске толо элек качкын президент өмүрүнүн 68-жайын өткөрүп туру. Албетте, аны туулган күнү менен куттуктагандар болду, социалдык түйүндөр аркылуу. Өзгөчө эски бийликтин камчысын чапкан, дагы деле ошолордун акырынан жем жеп аткан айрым журналисттер, эксперттер Бакиевге карата «сүйүүлөрүн» арнашты.

Баарынан кызыгы, мына ушулардын катарына Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектей калган Эдил Байсалов да кошулуп алганында болду. Ал маалымат булактарынын бирине курган маегинде: «Кыргыз эли экс-президент мекенине кайтып келүүсү үчүн бардык күчүн жумшашы керек. Бирок, аны түрмөгө отургузуу үчүн эмес. Мен биздин мамлекет бекемделишин, ал эми элибиз өсүшүн каалайм. Биз мындай бийиктикке жетиш үчүн Бакиевди Кыргызстанга кайтарып келишибиз керек. Себеби куугунтук жана чоочун жер, өзгөчө мурдагы мамлекет башчысы үчүн – өтө ачуу жазмыш. Буга байланыштуу мен Курманбек Салиевичке ден соолук жана ал өзүнүн жерине кайтып келгенге чейин жашашын каалайм. Болбосо, биздин «үй» толук болбойт», — дептир ал.

Биринчиден, эгерде Байсалов бүгүнкү күндө кызматсыз калганы үчүн эле Бакиевге жан тартып баштаган болсо, анда анын карманган позициясы жок, бети калың, өзү демократия деп сайраганы менен авторитардык режимдин «авторун» жактоочу экендигин түшүнөбүз.

Экинчиден, ал дал ошол канкор бийликке каршы чыгып, канын төккөн Апрель баатырларынын арты менен УӨнүн аппарат башчысы болгонун унутпашы керек эле. Эгерде унутуп баштаган болсо, анда дал ошол шейит кеткен баатырлардын арбагы уруп кетер.

Үчүнчүдөн, анын айткандарына караганда биз К. Бакиевди кайтарып келсек гана Кыргызстан деген «үйүбүз» толук болот экен да? Анда ошол Бакиевдердин буйругу менен окко учкан азаматтарыбызды кантип кайтарып келебиз? Же аларсыз эле Байсаловдун «үйү» толук боло береби?

Айтор, жайдын аптабындагы 40 градустан ашык ысык Эдил мырзанын төбөсүнөн өтүп кеткенби, же «крышасы» кыйшайып баратканбы, муну анын кийинки кадамдарынан байкайбыз. Болгону Бакиевди Байсалов сагынса да, элибиз аны көрөйүн деген көзү жок экенин айтып коелу. 

Баннер B
баннер А

Поделиться

2 Comments - Write a Comment

  1. Бул торт коз сука Эдичка олгон балдардын арбагын шылдындап жатабы? Батыштын акчасы учун бул кашак аялын деле башка эркеке салып берсе керек. Сага караганда проститутка кичине ыймандуурак. Сука десе. Шейит кеткендердин туугандары сени айрыйбыз деп атышат. Торт козунду сегиз кылышат эми. Кут сука!

    Reply
  2. «Ал маалымат булактактарынын биринде…» (кайсынысында?). Бул атайын такталбаган, жамандаш учун авторсуз жазылган статья.

    Reply

Написать комментарий