1870
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Month: August 2017

Президент А. Атамбаев Премьер-министрге: «Сизге жүктөлгөн ишенимди толук  актадыңыз»

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-августта, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы президенттик жарышка аттангандыга байланыштуу кызматын тапшырууну чечкенин билдирди. Коомдук-саясый кырдаалдын стабилдүүлүгү жана “административдик” ресурс деп аталган нерсенин тегерегинде түрдүү чайкоочулукка жол бербөө максатында кызматтан четтөөнү чечкенин айткан С. Жээнбеков: “Алмазбек Шаршенович, Сиз ар дайым ушул позицияны колдоп келгенсиз, ошондуктан эл Сизди …

“Алма сабагынан алыс түшпөйт”

Өгүнү интернеттен Азике депутат Өмүрбек Текебаевдин сотунда калпты болушунча урдуруп коюп, Кудайга жалынганын айтып Ташиевдин боорун эзип жаткан аудио жазууну уга электер аз болсо керек. Алардын чай үстүндөгү ошол сырдашуусун экөө тең алгач танып чыгышкан. Бирок, кийинчерээк Камчыке ыйманымды жебейин дедиби, айтор, Бекназаров менен көп жолугушарын, аудио жазуудагы сөздөр качан, кайсыл жерде айтылганы эсинде жок…

Марс САРИЕВ, саясый серепчи: “Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып туура кадамга барууда, ал ѳзүнѳ ишенет…”

— 21-августта өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков алдыдагы президенттик шайлоону утурлап кызматынан убактылуу эмес, биротоло кетерин жарыялады. Анын бул кадамы кандай баалайсыз? — Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылык кызматын тапшырып берип жатышы туура кадам. Себеби, ал киши өкмөт башчылык кызматын убактылуу таштаса, анда деле административдик ресурс боюнча ойлор жаралмак. — Мыйзам боюнча өкмөт башчысы кызматтан кетпей, убактылуу…

Тиреш 2 же 3 талапкердин ортосунда кырчылдашчудай…

Эми минтип ушул жыл­дын 15-октябрында Кы­ргызстан кайрадан прези­денттик шайлоонун алдын­да турат. Бирок, бул шай­лоо буга чейинки айтылган шайлоолордон айырмала­нып, өткөн шайлоолордой кайсы бир талапкерге ык койбочудай. Анткенге азы­ркы бийлик өзү да себепкер болуп берди окшойт. Анткени биздин бир себеби укуругу узундарыбыз алты жыл аралыгында улуттук бир лидер­ди даярдап чыгара албаганында бол­ду. Анан калса 2010-жылдагы “……

Адахан Мадумаров жарандар кол тамгасын БШКга тапшырат

Адахан Мадумаровдун президенттикке талапкерлигин колдогон жарандардын кол тамгасы 22-августа Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылмакчы. 45 миңге чукул жарандын колу топтолуп, алар БШКга тапшырылуу алдында турганын саясатчынын жардамчысы ырастады. Белгилеп кете турган нерсе, Адахан Мадумаровго жарандар өз ыктыярлары менен кол чогултушту. Талапкер болуп катталуу үчүн 30 миңден кем эмес жарандын колун топтоп, 1 млн. сом күрөөгө акча…

Аргасы кетип аргымактарыбыздын такасына асылган коңшуларга «даңк» !!!

Кечээ, 20-августта, коңшу Казакстандын Астана калаасында көк бөрү боюнча старт алган дүйнө биринчилигине Кыргызстандын курама командасы катышуудан баш тартууну чечти. Анын башкы себеби, казак туугандар кыргыз чабандестеринен аргымактарынын арткы такаларын чечүүнү талап кылган. Башта айтылбаган мындай талапка көнбөгөн биздин көк бөрүчүлөргө карата уюштуруучулар эч кандай оюн башталбаса да, Кыргызстанды Монголиядан 7:0 эсебинде жеңилди деп жар…

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Биздин желек спортто гана эмес, башка дагы багыттар боюнча эл аралык иш-чараларда кѳтѳрүлүшүн каалайм”

«Биздин жаш, өспүрүм спортчулардын жетишкендиктери мени кубандырат. Бул жылы биздин спортчулар менен үч жолу жолугуштум. Алар эл аралык аренада, олимпиадаларда өтө жакшы натыйжаларга жетишти», — деп белгилейт премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Бешинчи каналга» берген интервьюсунда. «Кече жакында эле аялдардын күрөшү боюнча жаштар арасында Медет кызы Айпери дүйнө чемпиону болду, Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча бир мелдеште…

Кыргызстанды талап-тоногондор мамлекетти кантип “сактап” калат?!

Аскар Акаевдин тушунда Кыргызстандын өнөр-жайын талкалаган, мүлдө кыргызга жаны ачып жакшылык кылбаган Базарбай Мамбетов деген аксакал бар. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, учурда жашы келип пенсия курагында. Карыганын билбеген ушул “акшакал” бир топтон бери чет элдик шылуун компаниялардын жетекчилерине кеңешчи болуп, аларга Кыргызстанды кантип тонош керектигин үйрөтүп, “сабак” өтүп келет. Эми ушул карыя чочугансып Кыргызстанды…

Акун шүк отурбайбы?

Мен таза шайлоо үчүн деп аталган тегерек столго катышкан укук коргоочу Турсунбек Акун сөз алып, шашып кеттиби же ЖМКларга маектерди телефондон берип көнүп калганбы ким билсин, айтор микрофонду кармап алып сөзүн алло деп баштабаспы… Ал Мадумаровдун сөздөрүнө каршы экендигин, 60ка таяп калганда аламанга аттанган кыргыздын Тайторусу катары президенттикке аттанып жатканын, кесиптештери укук коргоочулар не десе…

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, БШК Мүчөсү: “С.Жээнбековдун кызматын тапшырышы — башкаларга үлгү көрсөтүп, өзүнө ишенгени»

– Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырарын жарыялады. Мыйзам боюнча өкмөт башчысы шайлоого катыша турган болсо сөзсүз кызматын тапшырышы керекпи? – Мыйзам муну талап кылбайт. Мыйзам боюнча, Сооронбай Жээнбеков убактылуу кызматтан кетип, анын ордуна биринчи вице-премьер-министр убактылуу милдетин аткарып турса болот. Андыктан, өкмөт башчысы сөзсүз кызматтан кетиши керек деген талап жок.…