1865
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Month: July 2017

Чыкемден кимиңер корктуңар эле, ыя?

Учурдагы парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков капчыгың калың болсо, кадырың да бийик деп ойлогон чыгар, кыскасы амбициясын тыя албай ажолукка аттанам деп оолугуп чыккан эле. Бирок убакыт тараза дегендей, кыялы ишке ашпасына акыры көзү жеткенби, айтор, кайран киши ал оюнан кайтыптыр. Бул тууралуу, ал бүгүн, 31-июлда маалымат жыйынында билдирди. Мындай кадамын ал 1-декабрда тарта өткөн жылы…

Чыныбай Турсунбеков Сооронбай Жээнбеков жөнүндө…

Бүгүн, 31-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйын өткөрүүдө. Жыйындын жүрүшүндө, ал Сооронбай Жээнбеков жөнүндө оюн билдирди. “Эгер сын керек болсо, сындалат. Мен туура жолго буруш үчүн сындаганга даярмын”, деди төрага. Бирок, шайлоодо Сооронбай Жээнбековго добушуңузду бересизби деген суроого бул провокация экенин белгилеп жооп бергенден баш тартты. Мындан сырткары Чыныбай Турсунбеков ким өкмөт башчы…

Садыр Жапаровдун адвокаты Ш.Токтосунов чуу салган митингчилерге: “Бул жерде эми бакыргандан пайда жок. Рахмат келгениңиздерге!”

Бүгүн 31-июлда, бир катар оор кылмыштарга айыпталып жаткан Садыр Жапаровдун соту уланып, анда акыркы сөз айыпталуучуга берилмек. Ошондой эле өкүм да бүгүн угузулары айтылган. Бирок, соттун катчысы ооруп калгандыктан сот отуруму 2-августка жылдырылды. Бул учурда Жапаровдун 50 чакты тарапташы ага боштондук талап кылып, соттун эшигинин алдында чуу салып жатышты. Келген митингчилердин ач айкырыктар айланадагылардын тынчтыгын…

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Маселени ачкачылык жарыялоо менен эмес, мыйзам жолу менен чечиш керек”

— Марат мырза, 31-июлдан тарта “Ата Мекен” партиясынын 6-7 мүчөсү ачкачылык акциясын баштайт экен. Алар 1 млн. доллар пара алган деп айыпталган Өмүрбек Текебаевге президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө уруксат берүү талабын коет экен. Ачкачылык жарыялоо боюнча булардын аракетин кандай баалайсыз? — Эми Кыргызстанда демократия, ким эмнени кааласа жасайт. Эгер “Ата…

Отунбаева менен Бекназаров мародерлук боюнча жакында камалабы?

Калайыкка маалым болгондой 2010-жылдагы революциядан кийин аттуу-баштуу саясатчылардын бир нечеси мародерлукка аралашканы боюнча сөздөр айтылып, бир нече ирет кылмыш иштери козголуп, бирок аягына чыкпай келген эле. Былтыр өлкө башчысы эгемендүүлүк майрамын белгилеген учурда кыңыр иштер кайра казылаарын чыгарын кыйытып, унутулуп бараткан маселе кайра жанданарын ачыкка чыгарган. Быйыл шектүүнүн бири экс-депутат Р.Төлөгөнов камалса, экинчиси Маммүлк фондунун…

Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол долбоору туңгуюкка кептелди

Тегеран Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси үчүн убадалаган 1 миллион долларды толук бөлүп бере элек. Бул тууралуу Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Министр келишимге кол коюлган 7 жылдан бери Иран болгону 200 миң доллар гана бергенин кошумчалады. «Ошондуктан долбоор туңгуюкка кептелди. Учурда аны алдыга жылдыруу боюнча эч кандай пландар байкалган…

«Ата мекенчилер» «диетада»: «Түндөсү гана бекинип тамак ичебиз»

31-июлдан тарта «Ата Мекен» партиясынын 6-7 адамдан турган тобу ачкачылык акциясын баштай турганын аталган партиянын өкүлү Калыс Боронбаев маалымат булактарынын бирине билдирди. Алардын катарында партиянын мүчөлөрү жана Өмүрбек Текебаевдин жакындары бар. Негизги максаттары – Өмүрбек Текебаевге президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө уруксат берүү талабы коюлат. Албетте, алардын ачкачылык жарыялашына эч ким…

Текебаевдин туугандары жана партиялаштары ачкачылык жарыялашты

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жакындары ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу анын партиялаштары билдирди. Алардын айтымында, ачкачылык жарыялагандардын арасында Текебаевдин жакын туугандары жана «Ата Мекендин» бир канча мүчөсү бар. «Ачкачылык акциясынын максаты Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан соттук отурумдардагы башаламандыктарды токтотуу болуп саналат», — дешет партия мүчөлөрү. Эске салсак, пара алууга шектелген Өмүрбек…

Рахманкул Бажанов, «Риха» ишканасынын директору: «Өкмөттүн өсүү боюнча айтып жаткан сандары реалдуу чындык, себеби, өкмөт иштеп жатат»

– Ѳкмөт 2017-жылдын башынан тартып ИДПнын көлөмү 193,9 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 106,4% болду деп жатат. Сиз ишкер катары ушундай маалыматка ишенесизби? – Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан кийин биздин ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Алгач биздин товарларды уюмга кирген мамлекеттерге сатуу бир топ кыйынчылыктарды жаратканы менен бара-бара экспортко жол ачылды. Албетте, буга өкмөттүн туура…

Турсунбеков тура турууну чечти…

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин койбоону чечкенин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады. Төрага 30-июнда маалымат жыйынында, андан кийин 15-июлда КСДПнын курултайында президенттикке талапкер катары катышуу ниетин билдирген эле. Ал өзүнүн талапкерлигин өзү көрсөтөрүн айткан. Бирок партия жетекчилери  эгерде талапкерлигин көрсөтсө, анда партиядан чыгарыларын эскерткен. Мына ошол эскертүүлөрдөн кийин Турсунбеков тизгинин тартып калганы байкалган. “Кыргызстан”…