1896
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Журналист-аналитик, Жолдошбек ТОКОЕВ: “Өтө кедей жашаган адам малга кызыгып кызын байга берген же…”

Журналист-аналитик, Жолдошбек ТОКОЕВ: “Өтө кедей жашаган адам малга кызыгып кызын байга берген же…”

Фейсбукта Чубак ажынын “байлар 2-3 аял алса сойкулук азайып калктын саны өсөт эле” деп айтканына карата кызуу талкуу болууда. Бул эстүү, билимдүү, абирдүү адамдын айта турган сөзү эмес.

Ырас, мындан 100 жыл мурда феодалдык мезгилде кыргыздардын айрымдары 2-3 аял алып келишкен. Бул мындай себептер менен шартталган.

  1. Өтө кедей жашаган адам малга кызыгып кызын байга берген же бай кызга көз артып зордоп алган. Бул албетте зөөкүрчүлүк болгон.
  2. Эркектин алган аялы төрөгөө мүнкүндүк болбосо анда жубайлардын өздөрүнүн макулдугу менен эркек жаңы аял алган.
  3. Эгер, балалуу келиндин күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе анда ал жесир келинди кайнисине үйлөндүрүшкөн. Бул салт “канча кылса да бир боору эмеспи, жетим калган балдарды багат” деген гумандуу мамиле болгон.

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дейт кыргыз баласы. Акыркы 100 жыл аралыгында кыргыз эли дүйнөлүк цивлизацияга аралашып эбегейсиз өзгөрдү. Аялзат эбегейсиз эркиндекке, билимге, илимге ээ болду.

К. Маркс «Бытие определяет сознание» дегендей, азыр коом, коомдук көз караштар, морал, маданият, башка баалууктар өзгөрдү.

Адамда байыртадан сезим деген бар. Бул сезимдин бир керемети сүйүү сези. Сүйүү, бакыт -бул эстетикалык котегория. Байлык бакыт эмес! Ал эми бир эркектин 2-3 аял менен төшөк жакындыгы бул физиологиялык-биологиялык мамилеси. Физиологиялык-биологиялык жыныстык жакындык-малдын табияты, орусча айтканда животный инстинкт. Айгырда да бир үйүр байтал, бээ, букада да бир бада кунаажын, уй бар. Мал табиятуу же животный инстинк деп ушуну айтат. Чубак ажы кыргыз кыздарын малдын табиятына (животный инстинкт) теңеп жатат түшүнгөн жанга. Деги эле Чубак ажы сүйүү, бакыт !-дегенди түшүнөөрүнө көзүм жетпей турган. Сүйүү туурасында байыркы доордогу б.з.ч. IV Сафо акындан баштап. башка акындар, дастанчылар, жазуучулар деги эле көркөм маданият даңазалап келээрин билбесе да керек.

Сулууларга көңүлүңдү бөлбөсөң,
Сен өтөсүң эч жакшылык көрбөстөн.
Сүйбөгөнүң өлгөн менен барабар,
Сүйүп өткүн жашоо үчүн өлбөстөн.
Д. Руми. Х к.

Хаям сүйлөйт, сөзүн жерге таштаба,
Жаман адам дайым кылат маскара.
Акылмандар ууну берсе кабыл ал,
Алба наадан мүрөк сунуп жатса да.
Омор Хаям. Х к.

Жеткенчекти жептпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче арман жакшы.
Жалил Садыков.

“Эки аялдуу үйдүн чыры көп,
Эки акындуу элдин ыры көп”.
Кыргыз макалы.

баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий