15794
за день
1278236
за месяц

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башчылыгы талашка түшүп жатыптыр

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башчылыгы талашка түшүп жатыптыр

Ысык-Көл областында ар бир райондо тыңчыкмалар бар атайын. Көлдү биз чечебиз дегендер сыпайы айтканда. Анан Кумтөрдөн түшкөн каражатты ары-бери чайпаган Ысык-Көл өнүктүрүү фонду бар. Ошол фондко башчылыкты кезек менен шайлашчу экен. Кезек Тоң районуна жетип, бирок аларга Ысык-Көл району карматпай жатыптыр. Интриганын башкы каарманы акжолчу Бакыт Иманалиев экен. Ушинтип талашкандан көрө кайра көлдүктөрдүн башын бириктирип, атуу-баштуулардын, көлдүк журналисттердин ынтымагын түзүп, туулуп-өскөн жерге кызмат кылышпайбы десең. Баштары иштебей жатып фонддун башчылыгын талашканды ким коюптур буларга.

Булак: Ачык саясат

Поделиться

Написать комментарий