15798
за день
1278240
за месяц

Уялбаган Уран Ахметов, уяткарган Өмүркулов

Уялбаган Уран Ахметов, уяткарган Өмүркулов

Уран Ахметов деген делбетап бир миннистр бар экенин билесиңер да. Кыргыз улутуна ушунчалык тиш кайраган бул эргул уятсыйыт дегендин баарын жыйыштырып койгон өңдүү. Дегеним, өткөн жумда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы мамлекеттик документтерди коргоо чараларын жакшыртуууга багытталган “Мамлекеттик маанидеги документтер жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын талкуулоо учурунда Ахметовдун алабармандыгы дагы бир ирээт “тема” болду Фракция жетекчиси Иса Өмүркулов мыйзам долюоору өтө сабатсыз жазылганын, анын жоболору так жазылышы керектиги белгилеп, парламенттин кароосуна ушундай мыйзам долбоорун сунуштаганы үчүн юстиция министри , Уран Ахметовду уяткарып “Мындай мыйзам болбойт. Азыртан оңдош керек. Кийин, ченемдик укук актыларын чыгарып жатканда, энеге тянасыңар?”, – деген соболду кабыргасынан койду. Уяткарып атса да аны менен иши болбогон Ахметов буга тыңгылыктуу жооп бере алган жок. Мындан улам Иса мырза “бул министр окуу жайда 2ге окуган окшойт” – деп аргасыз катуу айтканга мажбур болду.

Акыры  бир чечим болушу керек го. Же Ахметов деген эме Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн эмспи? Же юстиция жаатында андан башка кадр жокпу?

Эске салсак. Ушу тапта мамлекеттик маанидеги 300дөн ашуун документ бар. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы Өкмөткө Кыргызстандын өзүндө мамлекеттик маанидеги документтерди чыгара турган мам лекеттик ишкананы түзүү тапшырмасы берген.

Булак: Де-Факто

Поделиться

Написать комментарий