1918
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Токтогул Какчакеев, саясат таануучу: “Өзүнүн таза экенине ишенген адам эч качан сот ишин создуктурбайт”

Токтогул Какчакеев, саясат таануучу: “Өзүнүн таза экенине ишенген адам эч качан сот ишин создуктурбайт”

– “Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын сот иши 16-июнда Ленин районундук сотунда башталбай жатып, анын жактоочулары отурумду создуктуруп, 19-июнга жылдырды. Булар эмне үчүн соттон качып жатат деп ойлойсуз?

– Сотту создуктуруу жөн гана шылтоо. Кимдин кылмышкер, кимдин ак экенин сот гана чечет. Салянова үчүн бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Эгер өзүн ак деп эсептесе сотту тездетип, аны созбостон аягына эртерээк чыгарышы керек. Өзүнүн таза экенине ишенген адам эч качан сот ишин созбойт.

– Буга чейин Аида Салянованын ишин Биринчи май райондук соту карап баштаган. Бирок, Салянова ишти Ленин ройонуна өткөрүүнү өтүнүп, аны сот канааттандырган. Судьялар ушундай гумандуу мамиле жасап жаткандан кийин кылмышка шектүү Салянова эмне үчүн тескери кетүүдө?

– Демек, корккону бар. Ошентсе да соттор, прокурорлор мыйзам чегинде ишти алып бара бериши керек. Сот отуруму канчалык созулганы менен Салянованын күнөөсү болсо жоопкерчиликтен кутула албайт.

баннер А

баннер А

Поделиться

Написать комментарий