1894
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Текебаев өз партиясын чандыбы?

Текебаев өз партиясын чандыбы?

1 миллион доллар пара алды деген айып менен кылмышка шектелип тергөө абагында жаткан депутат Өмүрбек Текебаев партиялаштарына катуу таарынган өңдөнөт. Дегеним, партиянын мүчөлөрү аны бир нече ай  мурда президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүшсө, кечээ 18-июнда Текебаев ишенимдүү өкүлдөрү аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү боюнча документтерди жөнөтүптүр. Бул жакта партиясы аны талапкер катары расмий жарыялап жатса, жок мен өз алдымча барам деп былтыңдап, алардын чечимин чанып жатканы кандай дешибиз турган кеп? Бирок мындай караганда Өмүкенин таарынганындай эле бар. Ал камакка жаңы алынган кезде булбулдай сайраган мандатка ээ тарапташтары апта айланбай митингдерге жакын жолобой калышкан эле. Анын үстүнө ал камакка алынары менен айрымдары лидерликти ээлеп калуу үчүн бийлик менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүргөнү жана митингдерге партиялаштарынын бири да тыйын бөлбөй жубайы Айгүл Текебаев боздоп жалгыз калганы маалым. Мына ушуларды эске алып, урдум ушундай партияны дегени го…

Баннер B
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий