1912
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Саясатта жолу болбогон Мадумаров кимге кошулушу мүмкүн?

Саясатта жолу болбогон Мадумаров кимге кошулушу мүмкүн?

Буга чейин саясый күчтөргө көп кошулуп келген Адахан Мадумаровдун жолу акыркы жылдары оңунан чыкпай келгени жалпыга маалым. Эсиңерде болсо, 2010-2011-жылдардагы саясый күрөштөрдө четте калган. Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Аскар Салымбековго бириксе, жыл башында Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев үчөө “баш кошушкан”. Бирок, өз ара ыйкы-тыйкылардын айынан жолдору эки ача кетишти. Эми Адахан Кимсанбаевич кимдир бирөөлөргө биригүүдөн чочуп калганы, кадамын жети өлчөп бир кескендей кылдаттыкка өткөнүн туюп турабыз. Иш жүзүндө өз алдынча президенттик шайлоого чыгууга каражат маселеси кендирди кесип атканы, кайсы бир акчалуу талапкерге кошулууга дити барбаганы, айтор, ушу тапта чоң саясаттагы чайналуу процессин баштан кечиргени кандай жыйынтык чыгарат болду экен? Биздин билишибизче, Мадумаров бийлик талапкери менен алака түзбөйт, андан башка кимдер бар? Учурда таскагы катуулаган Темир Сариев же Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбү? Абай сала туралы.

Булак: АзияНьюс
баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий