1895
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Салянова ак болсо тарапташтары прокурорлорду коркутат беле?

Салянова ак болсо тарапташтары прокурорлорду коркутат беле?
Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлуп, учурда соттолуп жаткан Аида Салянова болушунча актанып, өзүн коргоп калуу үчүн бар аракетин жумшоодо. Буга чейин отурумдун Биринчи Май райондун сотунда өтүүсүнө каршы болуп, догурунуп жатып ишти Ленин райондук сотуна котортуп алган. Өткөн жумадагы отурумда ажылдаган аялдарды, эркектерди сотко алып келип, алары айтпаган сөздү айткан.

19-июнда сот отуруму кайра уланды. Бул отурумда “ата мекенчи” Салянованын жактоочулары мамлекеттин атынан катышып жаткан прокурорлорду коркута баштаптыр. Муну да мамлекеттик айыптоочулар өздөрү айтып, “кыйын” болуп жаткан адамдарды залдан чыгарууну соттон суранды. Сот ишине кедергисин тийгизип аткан жарандарга мыйзам чегинде жаза колдонулушу керек эмеспи?

Билсе өзү башпрокурор болуп иштеген Салянова үчүн бул көрүнүш абдан уят. Аида Жеңишбековна бул аракети менен элди иренжитүүдө. Эгер ак болсо сотту тездетип, ак экенин далилдеген фактыларын алып чыкпайбы? Анын акыркы аракеттеринен улам таза экенине деле ишенич калбады. 

баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий