15728
за день
1278170
за месяц

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Аида Салянова таза болсо шылтоону токтотуп, сотту тездетүүсү керек”

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Аида Салянова таза болсо шылтоону токтотуп, сотту тездетүүсү керек”

– Марат мырза, буга чейин мурдагы юстиция министри Аида Салянованын ишин Биринчи Май райондук соту карап баштаган. Бирок, Салянова ишти Ленин ройонуна өткөрүүнү талап кылган. Сот анын талабын канааттандырып иш Ленин районуна өткөн эле. Эми Ленин районунда башталган сотту Салянованын жактоочулар создуктуруп, отурум 19-июнга жылдырылды. Аида Жеңишбекова эмне үчүн сотту создуктуруп жатат деп ойлойсуз?

– Эми булар таза эмес да. “Ата Мекендин” соттолуп жаткан башка мүчөлөрү да эч кандай шылтоо таппай сот иштерин болушунча создуктурууда. Булар кандай болсо жоопкерчиликтен кача албайт. Сот процессесин буза албайт. Жөн эле сотту создуктурууда.

– Элдин баары “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн сотуна көз салып турат. Булар качанга чейин “мышык чычкан” ойной берет. Сот кандайдыр бир чара көрүшү керекпи?

– Катуу процесс болушу керек. Бүгүн Салянованын сотунда ажылдаган адамдар отурумга тоскоол болду. Мындайларды сотко киргизбеш керек. Прокурорлор, судья тартипти катуу камсыз кылышы зарыл. Дүйнөлүк практикада мындай болгон эмес.

– “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү соттон-сотко чуркап суй жыгылууда. Эл бул саясатчыларга кысым болуп жатат деп митингге чыкпайбы?

– Эми Өмүрбек Текебаев камалганда көрбөдүкпү. Эл деле булардын чыныгы жүзүн билип калбадыбы. “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү сотту саясий куугунтук деп жатат. Мен аны таза кылмыш иши боюнча козголгон иш деп билем. Салянова таза болсо шылтоону токтотушу керек. Сотту тездетүү зарыл.

Булак: focus.kg

Поделиться

Написать комментарий