15818
за день
1278258
за месяц

Кыялымда аккуу болуп, ой президент болуп…

Кыялымда аккуу болуп, ой президент болуп…

Эки күн мурун 17-июнда президенттикке талпынып жаткан «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 54 жашка толду. Учурдан падаланып, көп жашасын деп куттуктай кетели. Дал ушул күнү соцтармактарда туулган күн ээсинин атын алыска чыгар турган бир сүрөт пайда болду. Тактап айтканда, кебетеси түшүрүлгөн майрамдык торттун сүрөтү жарык көрдү. Таттуу азыкты анын хан тактысында чалкалап отурган миниатюралык сырткы келбетин көрүүгө болот. Баарынан кызыгы анын мойнунда президенттик кызматка киришкен адамга тагылуучу алтын жалатылган чынжырча белги илинип, торттун үстүнө “Туулган күнүң менен мырза президент” деп жазылган. Ошондой эле сүрөт Темикенин шайлоо алдындагы компаниясынын “Бирге!” урааны бадырайта жазылган жарнамалык стенддин фонунда тартылган экен. Шайлоо өтө элек жатып минтип өзүн мистер президент сезип чалкалап алганы кандай? Же жанагы эптеп шайлоо маалында талапкер үчүн чуркамыш болуп акчасын иштеп шыпырып калайын деген жанындагы жан-жөкөрлөрү башын таптакыр айлантып салганбы? Сариев канча акчасын чачпасын, канчалык талпынбасын жарышта чаңдын арасында каларын коомчулуктагы сурамжылоолор көрсөтүүдө. Андыктан “Мечтать не вредно” деп тортту тиктеп жымыңдабай, эл арасында болуп жаткан сөздөргө кулак салып, реалдуу жашоого көңүл бурса жакшы болмок…


Поделиться

Написать комментарий