1898
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Койсун апчебизди коргой албаган Болот Шер

Койсун апчебизди коргой албаган Болот Шер

“Ата Мекенге” болгон күчүн жумшап кызмат кылып, анан талаада калган дагы бир айым бар. Ал таластык Койсун Курманалиева апчебиз болот. Учурда ал кызматы жок жүрөт. Кыргыз тилдүү гезиттердин бирине берген маегинде жеке иштери менен алек экен. Койсун деген ким эле? Таласта “Ата Мекен” үчүн кызмат кылган жалгыз аял болчу. Таластын көкүрөк каккан дардаңбай эркектерин ооз ачтырбай беш жыл башкарган губернатор болгон. Анан ошол Койсун айымдын эмгегин баалай албаган атамекенчилер эми акыйкаттыкты сүйлөгөндө күйбөгөн жериң күл болот экен. Болот Шер эмне кылып жүрөт, бир Койсунду коргой албай. Таарынтпаш керек эле, эми болоору болуптур. “Ата Мекенге” эмгек сиңиргендер чекесинен сүрүлүп чыгып, таптакыр эле башка пикирдеги адамдар менен толукталды. Ташболот Балтабаевдин, Койсун Курманалиеванын, Туратбек Мадылбековдун, Өмүрбек Абдрахмановдун, Жоомарт Сапарбаевдин, Бакыт Калмаматовдун жана башкалардын эмгеги бааланган жок. Кол алдындагы партиялаштарынын эмгегин баалай албаган Текебаев президент болуп калса, элди кантип башкарат?

Булак: Ачык саясат
баннер C
баннер А

Поделиться

Написать комментарий