1890
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Келдибеков менен Ташиев Мадумаровдун төбө чачын дагы бир жолу тик тургузалы дегениби же?..

Келдибеков менен Ташиев Мадумаровдун төбө чачын дагы бир жолу тик тургузалы дегениби же?..

Соттуулугу ушул жылдын 8-ноябрында гана алынары ачыкталган Ахматбек Келдибеков алдыдагы президенттик шайлоого баары бир катышам деп опурулуп жатты эле, бүгүн эмнегедир тынч алып калгандай. Акыры баарын мыйзам чечерине көзү жеткенби, айтор, Мадумаров акасын “кидайт” эткен Ташиев экөө бүгүн “Ак Шумкар” партиясынын курултайына келишип, биринен-бири калбай ажолукка талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Темир Сариевди Айга, Күнгө теңеп макташты.

Өгүнү болсо өзүнүн “Ата-Журт” партиясынан Келдибековду ажолукка көрсөтөрүн жар салып жаткан Камчыбек Ташиев өсөр элге бир башчы, миң баатыр болорун белгилеп, элдин башын бириктирип, кырдаалдан чыга турган лидер керек деген кебин айтты. Ал эми мамлекетке олчойгон зыян келтиргендиги үчүн соттолуп чыккан Ахматбек Келдибеков Темикени такшалган саясатчы катары баалап, өлкөбүзгө дал ушундай лидер керек деп бапылдады.

Эки эрендин минтип Сариевге ыктап жатышы эмнени каңкуулайт? Үчилтик ыдырап Мадумаров өзүнчө кетип, ажолукка аттанайын десе тигинтип соттуулугу тушап жаткан Келдибеков адатынча Ташиевди жетелеп келип, эми Темикени имерели дегениби? Же өгүнү былтыңдап экөөнү кабыл албай койгон Мадумаровдун төбө чачын дагы бир жолу тик тургузалы дегениби? Ал эми Сариевди айланчыктап аны менен биригели деген ойлору болсо, анда бул эки эрен анча-мынча бар электоратынан биротоло кол жууй турганы анык. Себеби, Камчыке менен Ахматтын тарапташтары Темике кезинде түштүктөрдү жээрип сүйлөгөн дешип, али күнчө унутпай айтып жүрүшөт.

Баннер B
баннер А

Поделиться

Написать комментарий