1902
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Каныбекти Осмоналиевди капа кылбагылачы?

Каныбекти Осмоналиевди капа кылбагылачы?

Жан дүйнөсү назик адамдар, чыгармачыл инсандар, окумуштуулар кээде боорду эген кылык-жоруктарды жасап, ан нерсни “балп” эттирип салышат эмеспи. Дегеним, экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев социалдык тармактардагы баракчасына: “Жумушсуз калсам “агалагандар” айлана-чекемден жок болуп кетишти. Үйбүлөм менен эле бир туугандарым калышыптыр! Ошол “агалагандар” менден кутулуштубу же мен алардан кутулдумбу? Бирок, эмнегедир жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм!!!” – деген билдирүүсүн жазып чыкты. Баягы, депутат кезинде бир топ иштерди бажарып жүрчү Каныбек агабыз ишсиз калып, коңултуктап аткандай. Осмоналиевдин ооматы келип тургандай коюн кончуна кирип жүрчүлөр ушу кишини капа кылбагылачы? Өчүрөткө туруп алып, ал-жай сурап турсаңар боло. Антпесеңер Каныбек мырза калп болсо да “жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм” –дегени менен каңырыгы түтөп эле, капшыты эңшерилип аткандай…

Булак: Де-Факто
баннер C
баннер C

Поделиться

Написать комментарий