1910
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Иса Өмүркуловду каралоонун сыры ачылууда

Иса Өмүркуловду каралоонун сыры ачылууда

Бийлик кумары кимдир бирөөлөр үчүн азаптуу күрөштү салып, оюндан от чыгаргандай жүрүштөргө чейин азгырат тура. Эң оболу, Кыргызстаныбыз тынч болсо экен. Калган көртирликтер жерге кирсин…

Соңку убакта бийликтин эле ичиндеги игтригандар ММКларга Иса Өмүркуловду шыбатып, ар кандай “жөө жомокторду” ойлоп чыга башташты. Акылга сыйбаган капа пиарлар орун алууда. Эмне үчүн? Себеби, “Өмүркулов эртең премьер-министр болуп калышы мүмкүн, анүчүн алдын ала жолун тосуш керек” деген суу кечпеген логикалар удургуй баштады. А эмнеге болбошу керек? Шанс бар. Биринчиден, президент Алмазбек Атамбаевди оор күндөрдө сатпаган, акыреттик жолдошу катары коомчулукка белгилүү. Экинчиден, КСДП фракциясынын ичинде эң тажрыйбалуу, бардык тармактын көйгөйүн ичтен түшүнгөн кадр. Иса мырза 60 жашкан ашты, мындай курагында ал мамлекет үчүн эмгек кылып, артына из калтырууну биринчи планга койгонун билебиз. Эгерде өкмөт башчы болуп калса, эң башкысы, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздап, экономикабызды көтөрүү, инвестиция тартуу, социалдык көйгөйлөрдү чечүү, ж.б. маселелер жагынан ийгиликтүү иш алып бармак. Ток этери, “буксовать” этип аткан жерибизден алдыга сүрөп чыгат эле. Мына ошон үчүн алдын ала көралбастар бут тосууга өтүштү. Кызык, Кудайдын буйругу Өмүркуловдун маңдайына жазып турса, ага кыянаттык кылуу ишке ашмак беле?

Булак: АзияНьюс
Баннер B
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий