1901
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Бел-Алмага Примовдун тиешеси жок

Бел-Алмага Примовдун тиешеси жок

Эки күн мурун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кадамжайдагы “Бел-Алма” көмүр кени боюнча кылмыш иши козголгону боюнча маалымат таратышты. Ал эми айрым маалымат каражаттары аталган кенди Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовго байланыштырып, кылмыш ишине депутаттын тиешеси бардыгына төлгө салып жиберишти. Маалымат деген абдан чоң күчкө ээ да. Коомчулукта депутаттар деле кылмыш кылышат турбайбы деген таңыркоо орун алып, албай жатып Улан Примов: “Мен Улуу орозонун күнүндө айтайын, аталган “Бел-Алма” кенине таптакыр тиешем жок” –деп тарс жарылды. Башка учур болсо мейли эле. Эми ушул так орозо маалында ким бирөөнү жаманатты кылыштын канчалык зарылчылыгы бар эле дейм да. Албетте, Улан мырза баягы “жебеген самсага пул төлөгөндөй” абалда калып жатканда чындыкка орозону көпүрө кылууга аргасыз да. Примок “Бел-Алма” кенине кыпындай дагы тиешеси жок экендигин бүгүн эле айтып чыккан жок, буга чейин нечен ирээт баса белгилеген.

Булак: Де-Факто
Баннер B
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий