15624
за день
1278074
за месяц

Day: Monday June 19th, 2017

Келдибеков менен Ташиев Мадумаровдун төбө чачын дагы бир жолу тик тургузалы дегениби же?..

Соттуулугу ушул жылдын 8-ноябрында гана алынары ачыкталган Ахматбек Келдибеков алдыдагы президенттик шайлоого баары бир катышам деп опурулуп жатты эле, бүгүн эмнегедир тынч алып калгандай. Акыры баарын мыйзам чечерине көзү жеткенби, айтор, Мадумаров акасын “кидайт” эткен Ташиев экөө бүгүн “Ак Шумкар” партиясынын курултайына келишип, биринен-бири калбай ажолукка талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Темир Сариевди Айга, Күнгө теңеп макташты.…

 Премьер-министрдин Чүйгө сапары: Ишке кирчү “Кошой», оңдолчу жолдор, бүткөрүлчү мектептер

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 15-июнда Чүй облусун кыдырды. Өкмөт башчысы бир катар ишканалардын, жолдордун, мектептердин курулушу менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге бир топ тапшырмаларды берди. Алгач С.Жээнбеков “Кошой” кант заводунун модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, аталган ишкананы 1-октябрга чейин ишке киргизүүнү тапшырды. Өткөн жылы Чүй облусунун дыйкандары кант кызылчасынан мол түшүм алып, аны өткөрүүгө келгенде бир…

Кыргызстандын президентинин Орусияга мамлекеттик сапары башталат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапар менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Атамбаев жетектеген делегация Москвага бүгүн түштөн кийин учуп кетет. 24-июнга чейин созулуучу мамлекеттик сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Бул расмий сапар Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусуна ылайык жүзөгө ашырылууда. Анын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти…

Каныбекти Осмоналиевди капа кылбагылачы?

Жан дүйнөсү назик адамдар, чыгармачыл инсандар, окумуштуулар кээде боорду эген кылык-жоруктарды жасап, ан нерсни “балп” эттирип салышат эмеспи. Дегеним, экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев социалдык тармактардагы баракчасына: “Жумушсуз калсам “агалагандар” айлана-чекемден жок болуп кетишти. Үйбүлөм менен эле бир туугандарым калышыптыр! Ошол “агалагандар” менден кутулуштубу же мен алардан кутулдумбу? Бирок, эмнегедир жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм!!!” – деген…

Салянова ак болсо тарапташтары прокурорлорду коркутат беле?

Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлуп, учурда соттолуп жаткан Аида Салянова болушунча актанып, өзүн коргоп калуу үчүн бар аракетин жумшоодо. Буга чейин отурумдун Биринчи Май райондун сотунда өтүүсүнө каршы болуп, догурунуп жатып ишти Ленин райондук сотуна котортуп алган. Өткөн жумадагы отурумда ажылдаган аялдарды, эркектерди сотко алып келип, алары айтпаган сөздү айткан. 19-июнда сот…

Жалал-Абадда Ташиев эмес Төрөбаев барктуу

Мурда Жалал-Абад областында Камчыбек Ташиевдин кадыр-баркы күчтүү эле. Ак Үйдүн тосмосунан секирип ыштанын айрыгандан кийин аптыракаты бир топ эле түшүп кетти. Аны өзү деле сезип жүрөт кайран киши. Ага караганда Бакыт Төрөбаевдин рейтинги Жалал-Абаддын шаарында жогорулап бараткандай. Анын үстүнө Төрөбаевдин максаты Ташиевдерди басып өтүү болчу экен. Кудай берип ошол тилегине жетип отуру. Эми Камчыкеңдер Бакытка…

Иса Өмүркуловду каралоонун сыры ачылууда

Бийлик кумары кимдир бирөөлөр үчүн азаптуу күрөштү салып, оюндан от чыгаргандай жүрүштөргө чейин азгырат тура. Эң оболу, Кыргызстаныбыз тынч болсо экен. Калган көртирликтер жерге кирсин… Соңку убакта бийликтин эле ичиндеги игтригандар ММКларга Иса Өмүркуловду шыбатып, ар кандай “жөө жомокторду” ойлоп чыга башташты. Акылга сыйбаган капа пиарлар орун алууда. Эмне үчүн? Себеби, “Өмүркулов эртең премьер-министр болуп…

“Ак каргалар” да түрмөдө отурушу керек

Коомчулукта коррупцияга каршы күрөш тандалма жүргүзүлүп, мыйзам чегинде баарына бирдей чара көрүлбөй жатат деген сындар арбын айтылып келетю албетте, айтылган сындардын жүйөсү бар. Буга мисал кылчу фактылар жетиштүү. Алсак, коррупция беренеси менен кылмыш иши козголуп Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотонов темир тор артында отурат. Бирок ошол эле учурда дал ушундай коррупция…

Койсун апчебизди коргой албаган Болот Шер

“Ата Мекенге” болгон күчүн жумшап кызмат кылып, анан талаада калган дагы бир айым бар. Ал таластык Койсун Курманалиева апчебиз болот. Учурда ал кызматы жок жүрөт. Кыргыз тилдүү гезиттердин бирине берген маегинде жеке иштери менен алек экен. Койсун деген ким эле? Таласта “Ата Мекен” үчүн кызмат кылган жалгыз аял болчу. Таластын көкүрөк каккан дардаңбай эркектерин ооз…

Токтогул Какчакеев, саясат таануучу: “Өзүнүн таза экенине ишенген адам эч качан сот ишин создуктурбайт”

– “Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын сот иши 16-июнда Ленин районундук сотунда башталбай жатып, анын жактоочулары отурумду создуктуруп, 19-июнга жылдырды. Булар эмне үчүн соттон качып жатат деп ойлойсуз? – Сотту создуктуруу жөн гана шылтоо. Кимдин кылмышкер, кимдин ак экенин сот гана чечет. Салянова үчүн бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Эгер өзүн ак деп эсептесе сотту…