1909
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору, профессор: «Президенттин демилгесин колдойм, ШКУнун банкы Кыргызстанда  ачылышы керек»

Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору, профессор: «Президенттин демилгесин колдойм, ШКУнун банкы Кыргызстанда  ачылышы керек»

Өткөн жумада Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги саммити болуп өттү. Президент Алмазбек Атамбаев жыйында кайрадан уюмдун банкын ачуу, коопсуздукту бекемдөө сыяктуу бир катар сунуштарды киргизди. Мына ушул теманын алкагында экномика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев «Марал» радиосуна чакан маек курган экен, биз анын кагаз бетине түшүрүлгөн вариантын сунуш кылабыз.

-Президент Алмазбек Атамбаев ШКУнун банкын түзүүнү сунуштады. Бул маселе буга чейин бир канча жолу көтөрүлгөнү маалым. Эмне себептен мындай идея көтөрүлүп келет?

— Биздин президент туура маселе көтөрдү. «Бир жол бир алкак» долбоорунун алкагында деле Кытай чоң каражаттарды берип жатат. Бирок мына ШКУга Индия менен Пакистан кирип, бир катар документтерге кол коюшту. Алар керектүү каражаттарды да салышты. Буга чейин Кытай 100 млн.долларды ушул банкка салууга даяр экенин билдирген. Анан биздин президенть туура айтат. Кыргызстан 1996-жылы эң биринчилерден болуп уюмга кирген. Мисалы, Ташкентте терроризмге каршы иш алып баруу боюнча борбор жайгашкан. Ошондуктан, бизге да кезек келди. Бул банк ачылса, уюмга да, бизге да жакшы жемишин берет. Бизде башкаларга салыштырмалуу Борбор Азия боюнча чоң базарларыбыз бар. Ал жактан жакшы иштерди жүргүзсө болот. Банк ачылып калса, андан ары иштер өзү эле чыгат.

— Бул банк түзүлсө, Кыргызстан кандай пайда көрөт?

— Биздин жаңыдан өнүгүп келе жаткан мамлекетибиздин инвестиция сала турган көп тармагы бар. Айтсак, энергетика тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр жатат. Азыр Нарын дарыясынын 10% гана иштетип жатабыз десек болот. Орусия менен ГЭС тармагындагы түзүлгөн келишимидераягына чыкпай калбадыбы. Айыл чарбадагы экология жагынан таза продукцияны өндүрүп жатабыз. Ошол эле жеңил өнөр-жайды өзгөчө жакшы өздөштүрдүк. Мына ушул сыяктуу көптөгөн долбоорлорду алдыга жылдырууга болот. Ошондой эле жумуш органдары түзүлөт.

— Банкка каражат кайдан келет?

— Жогоруда белгилегендей жаңы мүчөлөрдүн салымынан бир топ каражат келет. Ошондой эле уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин мүчөлүк акысы бар. Кыргызстан чоң каражат бөлө албаса да, башка мамлекеттер аны түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Мына ошол каражаттар каржы булагы болуп берет.

— Президент Атамбаев ШКУну түптөгөндөрдүн бири Кыргызстан экинин белгилеп, уюмдун Банкын Бишкекте жайгайштыруу керектигин билдирди. Башка мамлекеттер менен талаш-тартыштар жаралып калбайбы? Алар да мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбестир.

— Азыр сегиз мамлекет мүчө болуп жатса, ошонун ичинен Кытай, Орусия, Казакстан жана Кыргызстан түптөөчүлөрдөн. Ошондуктан, кийинки мүчөлөр азырынча талап кылбаса да, Орусия менен Казакстан сиз айткандай каалоосун айтып чыгышы мүмкүн. Бирок, биздин алар менен мамилебиз жакшы болгондуктан, каршы болбой, колдоо көрсөтөт деген ишеничтемин.

Булак: Багыт.kg
Баннер B
Баннер B

Поделиться

Написать комментарий