3892
за день
1267756
за месяц

ЖК депутаты, Бакыт ЖЕТИГЕНОВ: “Башка кандидат чыгат экен деген – ушак”

ЖК депутаты, Бакыт ЖЕТИГЕНОВ: “Башка кандидат чыгат экен деген – ушак”

Мындан бир ай мурун КСДПнын саясый кеңеши президенттик шайлоого учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтөрүн расмий жарыялаган. Ошондон тарта айрым маалымат булактары аталган партия жөнүндө эмнелерди гана жазышпады. Алсак, бири тандоодон кийин КСДПнын мүчөлөрү эки жаатка бөлүнүп кетиптир десе, дагы бири партия эки талапкер алып чыгат экен дешип жөө жомокторду токуп жатышты. Бирок мунун баары шайлоо алдындагы партиянын беделин түшүрүүгө карата жасалган көө сыйпоо аракети экени талашсыз. Анткени, КСДП кечээ эле пайда боло калган жаш партиялардан эмес. Жыйырма жылдан ашык тарыхы бар, өлкөбүздүн коомдук саясый ишине жигердүү катышып, калк ичинде кадыр тапкан ири саясый уюм. Андыктан президенттик шайлоого эки талапкер алып чыгары тууралуу кептер чындыкка коошпойт. Мына ушундай пикирди аталган партиядан Жогорку Кеңеште депутат болуп турган Бакыт Жетигенов да тастыктады. Ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген комментарийинде КСДП бир гана талапкер алып чыгарын айтып: “Саясый кеңеш С. Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми съездде аны бекитет. Башка кандидат чыгат экен деген – ушак. Аймактык өкүлдөр С.Жээнбековдун талапкерлигин бир ооздон колдошту”,-деди. Ошондой эле ал саясый кеңештин чечимин партиянын съездинде да колдоо табарын баса белгиледи.


Поделиться

Написать комментарий