15730
за день
1278172
за месяц

Жер маселесин чечип беришсе депутаттар чоң соопко калышат эле

Жер маселесин чечип беришсе депутаттар чоң соопко калышат эле

Жеке турак-жайлар үчүн жерлерди трансформациялоо маселесин эртелетип чечүү керек. Бул тууралуу, кечээ 15-июнда, ЖКнын жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтып чыкты. Бирок, өкмөттүн бул боюнча тиешелүү экспертизасы жоктугунан улам маселени кароого болбой тургандыгы айтылды. Мындай жоопту уккан Өмүркулов: “Бул маселенин каралышы эмнеге кечиктирилүүдө? Канча жолу маселени карап, комиссиялар түзүлүшү керек? Комиссиялар биринин артынан экинчиси түзүлүүдө. Бирок андан натыйжа жок, эл болсо күтүп жатат”, – деди. Анын сунушун депутаттар Кожобек Рыспаев да колдоп: “Өкмөт ар кандай шылтоо айткандарын качан токтотот? Эл укук берген документтерди ала албай жүрүшөт. Эгерде бул үйлөр сүрдүрүүгө жатпаса, анда жерлерди мыйзамдаштыруу керек да”, – деп бурк этти.

Аталган маселени чечүү боюнча КСДП фракциясынын депутаттары учурдагы чакырылыштын өкүлдөрү ишин баштагандан тарта көтөрүп келатышат. Тилекке каршы, бул жаатта иш ордунан жылбай, миңдеген жарандар ээлик кылган жерине жана үйүнө тийиштүү документтери жок, ооруканага карылууда, балдарын окууга, бала бакчага берүүдө азап чегип келишет. Андыктан КСДП фракциясынын лидери көтөргөн жерлерди трансформациялаоо маселесин эл өкүлдөрү күн тартибине киргизип, анын тезирээк аткарылышын өкмөттөн талап кылышса көптөгөн жарандарыбыздын сообуна калышат эле…

 


Поделиться

Написать комментарий