3790
за день
1267664
за месяц

Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясынын лидеринин орун басары: “КСДП президенттик шайлоого эки талапкер сунуштайт деген – жөн гана ушак”

Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясынын лидеринин орун басары: “КСДП президенттик шайлоого эки талапкер сунуштайт деген – жөн гана ушак”

– Төрөбай Закирович, КСДПнын саясый кеңеши буга чейин президенттик шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштаган эле. Учурда айрым маалымат каражаттары “КСДП шайлоого 2 талапкер менен чыгат экен” деген божомолдорун таратып жатат. Чын эле бирдиктүү талапкер менен чыкпайсыздарбы?

– Эми КСДП президенттик шайлоого эки талапкер алып чыгат деген кептер – жөн гана ушак. Саясый кеңеш болсо бул боюнча бирдиктүү бир чечимге келди. Тактап айтканда, бир добуштан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Андыктан бизде дагы башка талапкерди сунуштоо боюнча план жок. Дагы бир жолу кайталайм, бул жөн гана ушак.

– Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин партиянын жер-жерлердеги өкүлдөрү кандай кабыл алып жатат?

– Партиянын аймактагы өкүлдөрү да Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин кубаттоо менен жылуу кабыл алышты. Бул биздин тандоо.

Булак: focus.kg

Поделиться

Написать комментарий