15582
за день
1278034
за месяц

Сарыбашев жоголду. Көрдүңөрбү?

Сарыбашев жоголду. Көрдүңөрбү?

Таалай Сарыбашев деген неме бар, эт менен челдин ортосунда жүргөн аткаминер. Аны ушу кезге чейин кыргыз элинин көбү ордолуу Ош шаарынын губернатору экенин билбейт. Болбосо, анын губернатор болгонуна кыйла болуп калды. Эмне кылып, эмне иш бүтүрүп жатканы белгисиз. Кыскасы, губернатор болгонуна курсант болуп жүрөт окшобойбу, өзүн башкача сезип, жер менен баспай, асман менен басып калса керек. Кыскасы, анын ишмердүүлүгүнө ичи чыкпагандардын саны арбын. Бир ирет жаанда жардамчысына кол чатыр карматып, керсейип турган сүрөтү коомчулукка тарап катуу сынга кабылган. Ошо бойдон дайын жок. Негизи, бул адам Өзгөндөгү көчкү каргашасы боюнча эле кызматтан алынышы керек болчу. Андай болбоду. Кыязы, бийликке ийилчек, кошоматчылыгы менен жагып жатат көрүнөт. Мындайлар иштеп турганда Ош облусу өнүкпөйт. Бийлик Сарыбашев боюнча катуу чара көрбөсө болбойт.

Булак: Багыт.kg

Поделиться

Написать комментарий